Орусиянын министрлер кабинети Камбарата-1 ГЭСин куруу жөнүндөгү макулдашууну карап чыгып, аны Мамлекеттик Думанын палаталарынын биринин кароосуна жөнөттү. Буга чейин Орусия бул долбоорду ишке ашыруу үчүн станциянын өзүн күрөөгө коюууну көздөп жаткандыгы талкууга алынган.
Орусия өкмөтү «Камбарата-1 ГЭСинин курулушу жана ишке берилиши жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү» федералдык мыйзамдын долбоорун жактырды, деп жазылган министрлер кабинетинин сайтында.
Эми мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага — Орусиянын Федералдык жыйынынын төмөнкү палатасынын кароосуна жөнөтүлөт.
Сайтта түшүндүрүлгөндөй, ал макулдашуу өз ичине коңшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттоону камсыз кылуу үчүн Нарын дарыясынын жогорку жагына дагы төрт станция куруу маселесин да камтыйт.
Буга чейин курулуш иштери менен алектене турган Орусиянын Интер РАО ЕЭС энергетика компаниясы долбоорго каражат табуу үчүн «Иркутскэнергону» сатуу же болбосо Камбарата-1дин өзүн күрөөгө коюууну көздөп жаткандыгы тууралуу маалыматтар пайда болгон. Бул тууралуу орус ММКлары өлкөнүн энергетика министри Александр Новакка шилтеме жасап жазышкан.
Интер РАО кыргыз-орус долбоорунун ишке ашуусу үчүн «Иркутскэнергону» сатуу маселесине бир жактуу карабайт, ошондуктан Камбарата-1 күрөөгө коюлушу мүмкүн деп болжолдоого негиз бар.
Азырынча долбоордун так баасы аныктала элек, болжол менен ал 2 миллиард АКШ долларынын айланасындагы сумманы түзөт. Орусия бүгүнкү күнгө карата 15 миллион бөлгөн.
Өткөн жылдын август айында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы жана өлкө башчысынын кеңешчиси Сапар Исаков Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар каскады менен «Камбарата-1» ГЭСин куруу долбоорунда Кыргызстандын үлүшү 50 пайызын түзөөрүн билдирген.
«Камбарата-1» ГЭСи менен Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу жөнүндөгү макулдашуулар боюнча алты айдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп келет.
Автор: Зарема Султанбекова