«Прецедент»: Жогорку сотко судьяларды тандоо “ордунан чыкпай калды”

obduтелекомn

Кыргызстандагы соттук реформага байкоо жүргүзгөн «Прецедент» өнөктөштүк тобу Жогорку жана облустук сотторго судьяларды тандоо «ордунан чыкпай калгандыгын» жана ал жакка «коррупциялашкан» кадрлар баргандыгын билдирди. Азырынча бул боюнча комментарий алуу үчүн Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы жеткиликсиз болууда.

«Прецедент» биринчи инстанцияга судьяларды тандоону токтото турууну сунуштап жатат.

«Жогорку сот менен облустук соттордун мүчөлөрүн тандоо ордунан чыкпай калса да биринчи инстанцияга татыктуу судьяларды тандоо жолу менен соттук реформаны куткаруу мүмкүнчүлүгү калды», — деп жазылган кайрылууда.

«Прецедент» Сотторду тандоо кеңеши талапкерлердин мыйзамсыз кирешелерин аныктоого жана алардын буга чейин чыгарган өкүмдөрү боюнча даттанууларга тиешелүү деңгээлде көңүл бурган жок деп эсептейт. Укук коргоочулар ошондой эле добуш берүү баскычына өтүү үчүн керек болгон упайлардын чеги «төмөн болуп калган» деп эсептешүүдө.

«Тандоо процессине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алдыда даярдалып жаткан биринчи инстанциядагы судьяларды тандоону токтото туруу зарыл», — деп жазылган «Прецеденттин» билдирүүсүндө.

Kloop.kgге Сотторду тандоо кеңешинен бул боюнча төрага Шамарал Майчиев гана комментарий бере алаарын, бирок ал учурда бошобой жаткандыктан азырынча жооп бере албайт деп билдиришти.

Жогорку соттун жаңы курамын тандоо 2011-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан соттук реформанын алкагында өткөн.

Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатанын, Жогорку жана жергиликтүү соттордун жаңы курамын тандоо үчүн 2011-жылдын июлунда түзүлгөн.

Анын иши президент Роза Отунбаева Конституциялык палатага үч гана талапкерди, ал эми Жогорку сотко бирин да өткөрбөй койгондон кийин убактылуу токтотулган.

Кеңеш ишин 2012-жылдын май айынан баштап кайрадан улантып, Жогорку сотко судьяларды тандоо менен алектенип баштаган.

Автор: Зарема Султанбекова