Жабдууларынын мүчүлүштүгүнөн улам «Одноклассники» иштебей жатат

obduтелекомn

Популярдуу социалдык түйүн 4-апрелден 5-апрелге караган түнү иштебей калды. «Одноклассникинин» басма сөз катчысы сайттын жабдууларында мүчүлүштүктөр болгондугун билдирди.

Эң популярдуу социалдык түйүндөрдүн биринин басма сөз катчысы Мария Лапук «Твиттердеги» баракчасына сайт жабдуулардагы мүчүлүштүктөрдөн улам иштебей калгандыгын жазып, колдонуучулар божомолдоп жатышкан хакерлердик чабуулдар жөнүндөгү маалыматтарды четке какты.

«Техникалык иштерге байланыштуу сайттын ишинде бузулуулар болушу мүмкүн. Ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз», — деп жазылган сайтка киргенде анын башкы барагында.

Анын дээрлик бардык — билдирүү жиберүү, комментарий калтыруу, музыка угуу жана издөө жүргүзүү кызматтары иштебей калган.

Орусиянын маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча, бир нече күн мурун “Ростелеком” интернет таркатуучу компаниясы социалдык түйүндү Рязань жана Орлов облустарында тосмологон, сайтты ачуу аракетин көргөндө анда ресурс соттун чечими менен «экстремисттик» деп табылып, тосмолонгондугу тууралуу кыска билдирүү пайда болуп жаткан.

Кийинчерээк “Ростелеком” тосмолоосун программалык мүчүлүштүктөр менен түшүндүрдү.

«Одноклассники» Орусияда гана популярдуу эмес — Kloop.kgнин акыркы болжолдуу баалоосу боюнча ал социалдык түйүн менен 250 миң кыргызстандык колдонот.

Өткөн жылы «М-Вектор» изилдөө -консалтинг компаниясы «Одноклассники» сайтын Кыргызстандагы эң көп киши колдонгон социалдык баарлашуу түйүнү деп атаган.

Автор: Зарема Султанбекова