«Одноклассники» дээрлик оңдолуп бүттү

obduтелекомn

Белгилүү социалдык түйүндүн «Твиттердеги» аккаунту «Одноклассникинин» дээрлик бардык кызматтарын оңдоого мүмкүн болгондугун билдирди. Сайт жабдууларынын бузулгандыгынан улам 4-апрелден 5-апрелге караган түнү иштебей калган.

Билдирүү жиберүү, топтор, кабардандыруу, сүрөттөр жана оюндар – мунун бардыгы иштеп атат. Жакынкы убактарда башка сервистердин да иши калыбына кельирилет, деп жазган социалдык түйүн «Твиттердеги» аккаунтунда.

Буга чейин «Одноклассники» сайтынын басма сөз катчысы Мария Лапук колдонуучулардын бардык маалыматтары сакталаарын билдирген.

Лапук анда сайт жабдуулардагы мүчүлүштүктөрдөн улам иштебей калгандыгын түшүндүрүп, колдонуучулар божомолдоп жатышкан хакерлердик чабуулдар жөнүндөгү маалыматтарды четке каккан.

Кечээ, 5-апрелде сайттын дээрлик бардык кызматы иштебей жаткан — анда билдирүү жөнөтүүгө, оюн ойноого, музыка угууга жана профилдерди көрүүгө мүмкүн болбой калган.

Алардын ордуна жакында сайт иштеп баштай тургандыгы жөнүндөгү жазуу жайгаштырылган.

«Техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу сайттын ишинде бузулуулар болушу мүмкүн. Ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз», — деп жазылган сайттын башкы барагында.

Орусиянын ММКларынын билдирүүлөрү боюнча, бир нече күн мурун “Ростелеком” социалдык түйүндү Рязань жана Орлов облустарында тосмологон, сайтты ачуу аракетин көргөндө анда ресурс соттун чечими менен «экстремисттик» деп табылып, тосмолонгондугу тууралуу кыска билдирүү пайда болуп жаткан.

Кийинчерээк “Ростелеком” тосмолоосун программалык мүчүлүштүктөр менен түшүндүргөн.

«Одноклассники» Орусияда гана популярдуу эмес — Kloop.kgнин акыркы болжолдуу баалоосу боюнча ал социалдык түйүн менен 250 миң кыргызстандык колдонот.

Өткөн жылы «М-Вектор» изилдөө -консалтинг компаниясы «Одноклассники» сайтын Кыргызстандагы эң көп адам колдонгон социалдык баарлашуу түйүнү деп атаган.

Автор: Зарема Султанбекова