«Фергана.ру» сайтына коюлган тосмону алуу маселеси бир аптанын ичинде чечилет

Fergana

Байланыш операторлорунун ассоциациясы бир аптанын ичинде чогулуш өткөрүүнү пландап жатышат. Анда «Фергана.ру» маалыматтык сайтына коюлган Кыргызстандагы тосмосун алып салуу маселеси каралат.

Байланыш операторлорунун ассоциациясынын юристи Асель Тен алардын уюму ар дайым «Фергана.рунун» Кыргызстанда тосмолонушунун мыйзамсыз экендигин жана бир аптанын ичинде ресурстун тосмосун алып салуу маселеси боюнча интернет таркатуучулардын чогулушун өткөрө тургандыктарын Kloop.kgге билдирди.

«Бул маселе боюнча биз интернет таркатуучулардын чогулушун өткөрөбүз. Байланыш операторлорунун ассоциациясынын курамына 21 уюм кирет, ар бир компания өз чечимин кабыл алат. Кимдир бирөө тосмону алуу үчүн, ал эми башкасы албоо үчүн кол коюушу мүмкүн», — деди Тен.

Юристтин айтымында, коюлган тосмону алууда негизги ролду «Кыргызтелеком» ойнойт, анткени көпчүлүк таркатуучулар баштапкы интернетти ал аркылуу алышат.

«Эгер ал тосмону албаса, андан интернет алып турган таркатуучулар кааласа деле сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүн ачып бере алышпайт», — деди юрист.

«Кыргызтелекомдун» коммерциялык директору Акыл Токолбаев марттын аягында Kloop.kgге берген маегинде эгер тосмону алып салуу боюнча соттун чечими чыкса компания «Фергана.ру» сайтына кирүү мүмкүнчүлүгүн ача тургандыгын билдирген.

Борбордук Азия жаңылыктарын чагылдырып турган маалыматтык портал Кыргызстандагы тосмонун алынышы үчүн 2012-жылдын ноябрынан бери күрөшүп келүүдө, бирок «доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына» байланыштуу процесс мартта, Бишкек райондор аралык соту тарабынан токтотулган.

5-апрелде «Фергана.ру» порталынын жактоочусу Нурбек Токтакунов райондор аралык соттун чечими боюнча доо арыз жөнөтүп, өлкөнүн бардык интернет таркатуучуларына ресуртун тосмолоосун алуу талабы менен кат жиберди.

Токтакуновдун негизги аргументи — интернет таркатуучулар 2012-жылдын февралында, «Фергана.руну» тосмолоп жатканда таянган Мамлекеттик байланыш агенттигинин каты. Жактоочунун айтымында, ал кат сунуш кылуу мүнөзүндө гана болгон.

«Мамлекеттик байланыш агенттигинин өкүлдөрү алардын каты [“Фергана.ру” сайтын тосмолоо жөнүндөгү] сунуш кылуу мүнөзүнө ээ болгондугун ачык айтып жатышат, ошондуктан интернет таркатуучулар ресурска коюлган тосмону алып сала алышат. Эгер алар тосмону алышпаса анда алардын жоопкерчилиги жөнүндө суроо туулат», — деп эсептейт Токтакунов.

«Фергана.ру» сайтынын тосмолонушу

«Фергана.ру» жаңылыктар сайтын тосмолоо демилгеси 2011-жылдын июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленген — анда депутаттар 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык чыр-чатак жөнүндөгү сайтка жарыяланган комментарийди «улуттар аралык араздашууну тутандырып жатат» деп табышкан.

Анда алар парламенттин бул чечимин «мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо» менен түшүндүрүшкөн.

«Өлкөдөгү улуттар аралык чыр-чатакты тутандырып жаткандар мындай порталдардын кызматтары менен колдонуп, чындыкка дал келбеген, бир тараптын кызыкчылыгын көздөгөн маалыматтарды жайгыштырышы мүмкүн», — деп билдирген анда 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык кагылыш боюнча парламенттик комиссиянын төрагасы, депутат Токон Мамытов.

Бирок Мамлекеттик байланыш агенттиги парламенттин токтомунун негизинде жазылган буйрукту интернет таркатуучуларга дээрлик бир жылдан кийин, 2012-жылдын февраль айында гана жөнөткөн.

Токтомду алгачкылардан болуп өлкөдөгү ири телекоммуникациялык корпорация болуп эсептелген «Кыргызтелеком» аткарган.

«Фергана.ру» сайтынын редакциясы улуттар аралык чыр-чатакты тутандыруу боюнча дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын дайыма четке кагып келген жана жооп катары веб-сайттын Кыргызстандын аймагында тосмолонгондугуна байланыштуу агенттиктин материалдарынын бардыгы алардын «Фэйсбуктагы» расмий баракчасына жарыяланып тураарын билдирип, окурмандарын тосмолоодон айланып өтүп онлайн каражаттар менен колдонууга чакырган.

Автор: Зарема Султанбекова