Камчы Көлбаевдин үстүнөн болчу соттук процесстин датасы белгиленди

Fergana

Камчы Көлбаевдин иши боюнча соттун биринчи жыйыны 18-апрелде өтөт — Кыргызстандын бийлиги аны өлкөдөгү эң таасирдүү криминал авторитети деп эсептешет. Көлбаев 2012-жылдын декабрында кармалган, андан бери ал УКМКнын тергөө абагында камакта жатат.

Көлбаев курал жана баңгизаттар менен соода кылган кылмыштуу топту түзгөн деп шектелип жатат.

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев Кылмыш кодексинин жети беренеси менен айыпталып жатат. Алардын арасында курал жана баңгизаттарын сатуудан тышкары «адам уурдоо» жана «каракчылык» беренелери бар.

Көлбаев кыргыз бийлигине 2012-жылдын декабрында, Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кезинде өз эрки менен багынып берген, Кыргызстанга алынып келингенден кийин ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта болгон.

Андан бери Кыргызстандын укук коргоо органдары менен соттору анын ишинин жүрүшү боюнча өтө чектелген маалымат берип келишкен.

8-апрелде Кыргызстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы Көлбаевдин үстүнөн өтө турган соттук процесстин башталышы жөнүндө жазылган пресс-релизинде бир сүйлөмдүк билдирүү менен гана чектелген, саат канчада жана кайсыл жакта өтө тургандыгы гана жазылган — алгачкы жыйын 18-апрелде, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтөт.

Көлбаевдин иши боюнча ал соттун ачык же жабык болоору дагы деле белгисиз.

Саясий серепчи Токтогул Какчекеев Көлбаевдин буга чейин эки жолу абактан жазасыз качып кеткенин эске алып, сот аны актап чыгат деп эсептейт.

«Камчы Көлбаев элита менен өтө тыгыз байланышкан жана аны криминалдын арасында бийлик ээлеринин кызыкчылыктарын коргой ала турган көңүлдөгү адам катары эсептешет. Менин оюмча, бул — негизсиз пикир жана калганынын бардыгы дал ушул багытта чечилет», — дейт ал.

Анын кесиптеши Марат Казакпаев «авторитетке» кандай өкүм чыгарылаары жөнүндө божомолун айткан жок, бирок ал дагы Көлбаевдин күнөөлүүлүгү боюнча чечим чыгарууда анын өткөндөгүсү негизги ролду ойной тургандыгына ишенет.

«Бул жерде бардыгы соттун чечимине жараша болот, эгер аны азыр бошотуп жиберишсе анда кылмыштуулук менен күрөшүү жөнүндөгү билдирүү жөн гана катуу кыйкырык болгон болот», — деди ал.

Эки жолу качкан

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштаган. Бул өз өлкөсүндөгү анын үстүнөн өтө турган алгачкы соттук процесс эмес.

90-жылдардын аягында ал кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле 2 «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

Көлбаевдин жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.

Көлбаев 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

Авторлор: Александра Ли жана Бектур Искендер