Оренбург: Кыргыз коштоп жүрүүчүлөрү «мыйзамсыз» жол менен 5 кг алтын алып өтүүгө аракет кылышкан

Fergana

Орусиянын чек арачылары Бишкек-Москва каттамы менен бара жаткан поездден 5 килограмм алтын буюмдарын табышты — «Интерфакс» агенттигинин маалыматы боюнча, аларды кыргыз коштоп жүрүүчүлөрү бейтааныш адамдын өтүнүчү менен алып өтүүгө аракет кылышкан. «Кыргыз темир жолундагылар» буга чейин мындай окуя болбогондугун айтып жатышат.

Чек арачылар алтынды Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында, Бишкек-Москва каттамы менен бара жаткан поезддин вагондорунун биринен табышкан, деп билдирет «Интерфакс» маалымат агенттиги Федералдык коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме жасап.

Маалымат агенттиктин макаласында алтын идиш-аяк сактоочу текченин арт жагына, целлофан менен оролгон беш таңгакта катылгандыгы жазылган.

«Аларды коштоп жүрүүчүлөр - Кыргызстандын жарандары - бейтааныш адамдардын өтүнүчү менен Москвага алып бара жатышкан имиш», — деп жазган “Интерфакс”.

Зер буюмдар оролгон таңгактар андан аркы териштирүү үчүн жана металлды экспертизадан өткөрүү үчүн полиция кызматкерлерине берилди.

Чек арачылар ошондой эле вагон-ресторандагы столдун астынан лицензиясыз, мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүшү керектиги жөнүндөгү уруксаты жок бронежилет да табышкан, деп жазылган маалымат агенттиктин сайтында.

«Вагон-ресторандын жетекчиси - Кыргызстандын 45 жаштагы жараны - бронежилетти жыгач сандыкка каткандыгын мойнуна алды. Сурак маалында ал бронежилеттин ээси Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкери экенин жана ал Самарага чейин жеткиргенден кийин бронежилетти коштоп жүрүүчү менен бирге келген бейтааныш адамга берип коюуусун өтүнгөндүгүн айтып, түшүндүрдү», — деп жазган «Интерфакс» Федералдык коопсуздук кызматынын басма-сөз кызматынын билдирүүсүн.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматынын башчысы Эркинбек Каимов Kloop.kgге берген маегинде азырынча мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган кызматкерлер менен эмне болоору белгисиз экендигин айтты.

«Бизде тартип мындай — алар [Орусиянын укук коргоо органдары] бардыгын «оформить» этип анан бизге жөнөтүшөт. Аны карап чыга турган тиешелүү бөлүмдөр бар, андан кийин гана чечим чыгарылат. Ал эми азырынча эч нерсе айта албайм», — деди ал.

Каимов буга чейин мындай окуялар катталбагандыгын кошумчалады.

«Ар кандай учурлар, мыйзам бузуулар болот, бирок силер айтып жаткандай окуя буга чейин каттала элек болчу», — деди басма сөз катчы.

Автор: Зарема Султанбекова