«Прецедент»: «Кыргызтелеком» жакында банкрот болушу мүмкүн

Fergana

«Кыргызтелеком» кытай насыясы боюнча милдеттенмелерин аткара албай жатат жана жакынкы убактарда банкрот болуп калышы мүмкүн, деп билдирди «Прецедент» өнөктөштүк тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов.

«Прецедент» банкроттун жакындап калганынан кооптонуп «Кыргызтелекомдун» каржылык абалы боюнча өзүнүн изилдөөсүн жүргүзгөн — юристтер эгер компания кытай насыясы боюнча 2013-жылдын июнунда 190 миллион сом төлөп бербесе менчиктештирилип кетиши мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

«Чынын айтканда, Кытай өнүктүрүү банкы “Кыргызтелекомго” азыр деле ээлик кылып турат», – деп билдирди компаниянын акционерлеринин бири болгон Токтакунов.

Юристтин маалыматы боюнча, «Кыргызтелекомдун» жүгүртүмү 2,1 миллиард сомду түзөт, алардын 80 пайызы – карыздары. Муну менен катар компания июнда чет элдик компанияларга 250 миллион сомдон ашык сумманы төлөп бериши керек.

«Акционердик коомдун президенти Аскар Баратбаев насыянын төлөө мөөнөтүн жылдыра туруу өтүнүчү менен кайрылган, бирок 2011-жылдын 3-ноябрында кытай тарап макул болбой койгон», — деп жазылган «Прецеденттин» пресс-релизинде.

Токтакунов «Кыргызтелекомду» компаниянын башкармалыгы менен директорлор кеңешин таркатуу жолу менен «сактап калууну» сунуштап жатат.

«Алар чемодандарын даярдап, өлкөдөн чыгып кетиш үчүн учурду күтүп атышат же болбосо кытай чалгыны үчүн иштеп жатышат», — дейт юрист.

Токтакунов ошондой эле компаниянын негизги кирешелерин берип турган стратегиялык Теле жана радио берүүлөрдүн радиорелелик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмесин «Кыргызтелекомдун» курамынан чыгарып алууну сунуштап жатат.

Буга чейин аталган өндүрүштүк бирикменин профсоюзунун башчысы Жеңиш Осмонкулов дагы ушундай билдирүү жасаган — анда ал кыргыз коммуникациялык компаниясы кытайлыктардын менчигине өтүп кете тургандыгын айткан.

Иштин жайы мындай: Кытай өнүктүрүү банкы «Кыргызтелекомго» 34 миллион долларлык насыя берген, ага Кытайдын телекоммуникациялык «Хуавей» компаниясы кепил болгон.

Kloop.kg «Кыргызтелеком» менен байланыша алган жок, бирок алар буга чейин бир нече жолу компания менчиктештирилбей тургандыгын билдиришкен.

Өкмөттүн жакында өткөн жыйынында “Кыргызтелеком” ААКсын менчиктештириле турган объектилердин тизмесинен чыгаруу жана менчиктештирүүгө жатпаган стратегиялык объектилердин тизмесине киргизүү чечими кабыл алынган», — деп жазылган компаниянын сайтында.

Ошондой эле «Кыргызтелеком» курамынан Теле жана радио берүүлөрдүн радиорелелик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмесин чыгаруудан баш тартып жатат — ишкана жакында эле туунду ишкана болуп өзгөртүлгөн.

Бүгүнкү күнгө карата «Кыргызтелекомдун» акцияларынын көзөмөлдөгү пакетинин 77,84 пайызы мамлекетке таандык.

Буга чейин, 18-февралда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд акциянын мамлекеттик пакети сатылбай тургандыгын билдирген.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөттүн автору: Илья Каримджанов