Соода борбору убада бергени менен «Бишкек парктын» алдындагы жолду оңдоо иштери баштала элек

Fergana

«Бишкек парктын» менеджери мекеме жаңы соода борборун куруу маалында бузулган жолду оңдоп баштагандыгын билдирди. Бирок Kloop.kgнин кабарчылары оңдоо иштери баштала электигине күбө болушту.

«Бишкек парк» соода борборунун менеджери Владимир Павлюнин Kloop.kgге берген маегинде Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде асфальт төшөө иштери башталгандыгын билдирди.

«Алар башташты [брусчаткаларды алып], иштеп атышат. Алар жол жээгиндеги таштарды орнотуп жатышат»,- деди Павлюнин Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, оңдоо иштери менен «Бишкекасфальт» шаардык ишканасы алектенип жатат. Бирок Павлюниндин айткандарын«Бишкекасфальттагылар» четке кагышты.

Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болуп кайткан Kloop.kgнин кабарчылары да анда эч кандай оңдоо иштери жүрбөгөндүгүн көрүштү.

«Бишкек парк» соода борборунун курулушу Бишкектин жашоочуларынын нааразычылыгын жараткан, анткени шаардын борбордук көчөлөрүнүн бирине курулуп жаткан имарттын алдындагы асфальт бузулуп калган.

«Бишкек парк» 2013-жылдын февралында соода борборуна канализация өткөрүү үчүн Киев көчөсүнүн бир нече жеринин асфальт төшөлмөсүн алган, кийинчерээк анын ордуна тротуарларга ылайыкташтырылган брусчаткалар коюлган.

Эки айдан кийин, апрелдин башында, унааларга арналбаган ал брусчаткалардын бир нечеси бүлүнүп, анда терең чуңкурлар пайда болгон.

Мэриянын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева Kloop.kgге берген маегинде азырынча шаардын Капиталдык курулуш башкармалыгы асфальт төшөлмөсүн калыбына келтирүү жөнүндө жаңы гана эскертүү бергендигин жана оңдоо иштери ушул жуманын ичинде баштала тургандыгын билдирди.

«Асфальт төшөө иштерин алар ушул аптанын ичинде баштоолору керек», — деди Усупбаева.

Автор: Эльдос Казыбеков

Сүрөттүн автору: Дильшад Камирдинов