8-апрелде ИИМдин кызматкерлери тарабынан «пара алып жаткан жеринен» Жалал-Абаддагы жогорку окуу жайдын окутуучусу кармалды. Азырынча бул боюнча университеттин жетекчилиги комментарий бербей эле.
Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде окутуучу беш миң сом алып жаткан жеринен кармалгандыгын билдирди. Айтымында, бирок ал алгач бир миң АКШ долларын (дээрлик 50 миң сом) сураган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, окутуучу жогорку билим жөнүндөгү диплом үчүн студенттен акча талап кылган.
«Студент анын үстүнөн арыз жазган, анан дароо эле факты боюнча кылмыш иши козголду», — деди Осмонбаев.
Басма сөз кызматтын өкүлү тинтүү учурунда окутуучунун жанынан башка окуу жайдын диплому табылгандыгын билдирди.
Ал тергөөнүн сырына таянып, кайсы жогорку окуу жайдын диплому экендигин айтуудан баш тартты.
Учурда окутуучу Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгында суракта, деп кошумчалады Осмонбаев.
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилиги окуянын чоо-жайын так билбегендиктен азырынча бул боюнча комментарий бербей эле.
Автор: Дарина Манасбекова