Журналист депутат менен чырдашкандан кийин аккредитациясынан ажыратылышы мүмкүн

Fergana

Бүгүн парламент комитети депутат Турсунбай Бакир уулу журналист Эрик Исраиловду уруп жибергендиги тууралуу окуяны карады — жыйындын соңунда журналистти аккредитациясынан ажыратуу мүмкүндүгү тууралуу чечим кабыл алынды.

Исраиловду аккредитациясынан ажыратуу мүмкүндүгүнүн расмий себеби — анын февралда социал-демократ депутат Ирина Карамушкинага барганда имаратта жүрүү эрежесин бузгандыгы.

Анда журналист депутат менен бирге эскертүүсүз эле «Ар-Намыс» фракциясынан парламентарий Турсунбай Бакир уулунун иш бөлмөсүнө барышкан - депутаттар белгилешкендей, алар бул аракеттери менен регламентти бузушкан.

«Өзүнө келген адамды башка депутатка алып баруудан мурда [Карамушкина] алгач ал депутат менен макулдашышы керек болчу», — деп түшүндүрдү Kloop.kgге берген маегинде этика жана регламент боюнча парламенттик комитеттин төрайымы, депутат Айнуру Алтыбаева.

Бакир уулунун иш бөлмөсүндө депутат менен журналисттин ортосунда чыр чыгып, Исраиловдун версиясы боюнча, ал чыр «ар-намысчынын» «Общественный рейтинг» гезитинин кабарчысын уруп жибериши менен аяктаган.

Бакир уулу болсо журналистти ургандыгы тууралуу айтылган маалыматты четке кагып жатат.

Болжолдуу түрдө депутат менен журналисттин ортосундагы чыр Бакир уулунун «Фэйсбук» социалдык түйүнө жазган макалынан улам чыккан. Исраиловдун пикиринде, ал макал Карамушкинанын дарегине айтылып, аны кемсинткен.

Макал Карамушкинанын «аскер кызматкерлери орус тилин билбейт, сүйлөшүүгө кыйын болуп жатат», деп ММКлар аркылуу даттангандыгына жооп катары жазылган.

«Жаман үйдө конок бийлейт» деген кыргыз тилиндеги ал макалды Исраилов менен Карамушкина «У плохого хозяина гости танцуют» деп которушкан.

Журналист менен депутат эмне себептен Бакир уулу Карамушкинаны «конок» деп эсептей тургандыгын билүү үчүн анын иш бөлмөсүнө барышкан, анан анда чыр чыгып кеткен.

Бакир уулу Kloop.kgге берген маегинде макалдын Карамушкинага эч тиешеси жоктугун жана аны «конок» деп эсептебей тургандыгын билдирген.

Комитеттеги талаш-тартыштар

Бул окуя 9-апрелде парламенттин этика жана регламент боюнча комитетинде каралды. Анын курамындагы депутаттар журналист менен депутаттын ортосундагы бул чыр боюнча кандай чара көрүү керектиги жөнүндө бир пикирге келе алышкан жок.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар бири-биринен кечирим сурашсын же болбосо Исраилов аккредитациясынан ажыратылсын деген эки сунуш келип түштү.

Аккредитациясынан ажыратуу жөнүндөгү экинчи сунуш «Ар-Намыстын» депутаты Бөдөш Мамырова тарабынан демилгеленди. Ал чырдын чыгышына макалды «туура эмес» түшүндүрүп берген Исраилов күнөөлүү экендигин билдирди.

Мамырованын бул сөзүнөн кийин «Ата-Мекен» фракциясынан депутат Асия Сасыкбаева нааразычылыгын билдирип комитет жыйынынан чыгып кетти.

Жыйынтыгында, залда калган комитеттин беш мүчөсүнүн төртү журналистти аккредитациясынан ажыратуу маселесин карап чыгуу үчүн добуштарын берсе, эки тараптын бири-биринен кечирим сурашы үчүн болсо жалгыз Айнуру Алтыбаева гана добуш берди.

Эми комитеттин бул чечими парламент аппаратынын жетекчилиги тарабынан каралат.

Исраиловдун өзү болсо комитет жыйынынын жүрүшүндө маселе толук каралган жок деп эсептейт. Айтымында, депутаттар Бакир уулунун кол көтөрүүсүн карагандын ордуна макалды талкуулаганга өтүп кетишкен.

«Комитет жыйындын негизги лейтмотивинен толугу менен башка жакка кетип калды», — дейт Исраилов

Ал эл өкүлдөрүнүн чечимин «туура эмес» деп атап, андан аркы комментарий берүүдөн баш тартты.

«Жазуу түрүндөгү билдирүү алганда толугураак айтып берем», — деди журналист.

Автор: Нурия Рыскулова