Бишкек: Артиллериялык снарядды араалап жатып эки сүрөтчү каза болду

Fergana

Анатолий жана Андрей деген бир тууган Колесниковдор 9-апрель күнү артиллериялык снаряддын жарылуусунан улам каза болушту, алар аны өзүлөрүнүн сүрөт инсталляциясы үчүн араалап жатышкан.

Колдонулган ок-дарылардан жасаган искусства чыгармалары менен белгилүү бир тууган Колесниковдор снарядды Бишкектин батышында жайгашкан үйүндө араалашкан.

Көрсө ал колдонуудагы снаряд экен, ошондуктан жарылып кеткен — бир туугандар дароо каза болушкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, дарыгерлер барган маалда аларды денелеринин бөлүктөрү гана калган.

«Тез жардам бригадасы келген маалда жардамга муктаж эч ким жок болгон. Кырсык болгон жерде каза болгондордун денелеринин бөлүктөрү гана калган», — деп билдирет «АКИпресс» маалымат агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме жасап.

Бир тууган Колесниковдор сүрөт инсталляцияларын негизинен колдонулуп бүткөн ок-дарылардан жасап келишкен — эреже катары аларды аскердик окуулардан кийин аскердик полигондордон чогултушчу.

Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети колдонуудагы снаряд кантип бир туугандардын колуна тийип калгандыгын аныктоого аракет кылып жатышат. Азырынча укук коргоо органдары ал эмне болгон снаряд экендигин айтып бере алышпайт.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде снарядды аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

Ал ок-дарылар мыйзамсыз сакталгандыгын ырастады, бирок бир туугандардын каза болгондуктарына байланыштуу бул берене боюнча кылмыш иши козголбостугун кошумчалады.

Интернеттеги реакция

Сүрөтчүлөрдүн каза болушу Кыргызстандын интернет-мейкиндигинде кеңири резонанс жаратты.

Сүрөтчү ок-дарылардан жасалган инсталляциялары менен белгилүү болчу
Сүрөтчү ок-дарылардан жасалган инсталляциялары менен белгилүү болчу

Колдонуучулардын бир бөлүгү каза болгон бир туугандар үчүн кайгырып жатышса, башкалары алардын снаряд араалоо идеясына таң калып жатышат.

«АРАЛОО жана СНАРЯД бири-бирине сыйышпас нерселер, араанын металлга сүрүлүүсүнөн ысык микро жалындар пайда болот, ал эми кыртыштын алдындагы дары жалгыз күйбөйт, көз ирмемдин ичинде эле чогуу бойдон 60 Атмосфера бошойт», — деп жазган «Дизель» форумуна rustam-aka деген ат менен каттоодон өткөн колдонуучу.

Кыргызстандыктар өлкөдө ок-дарыларга жетүүнүн мынчалык оңойлугуна таң калып жатышат.

«Эгер «сүрөтчүлөр» снаряддарды араалап жатышса анда потенциалдык террористтер үчүн материал менен эч кандай көйгөй болбойт турбайбы, мени ушул тынчсыздандырып жатат», — деп кооптонууда «Дизелдеги» mrurg деген колдонуучу.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир туугандар 9-май Жеңиш күнүнө карата көргөзмөгө даярданып жатышкан.

Автор: Зарема Султанбекова жана Бектур Искендер