Эксперттер: журналист Исраиловду парламенттик аккредитациясынан ажыратууга негиз жок

Fergana

«Институт Медиа Полиси» уюму журналист Эрик Исраиловду парламенттик аккредитациясынан ажыратуу жөнүндөгү депутаттардын идеясын сынга алды.

Медиа-эксперт Надежда Алишева этика жана регламент боюнча парламенттик комитеттин сунушун «абсурд» деп атады — ал Исраиловдун Жогорку Кеңеш имаратында жүрүү эрежесинин бир дагы пунктун бузбагандыгына ишенет жана аны аккредитациясынан ажыратуу үчүн эч кандай негиз жок деп эсептейт.

Алишева эгер депутаттар журналистти аккредитациясынан ажыратышса ал чечим боюнча сотко кайрыла алат деп эсептейт.

Журналисттердин укуктарын коргоо боюнча Кыргызстандагы эң таасирдүү болуп эсептелген «Института Медиа Полиси» уюмунун билдирүүсүндө «интернетте анын кадыр-баркы менен ар-намысын кордогондугу» үчүн Исраилов депутат Бакир уулун сотко берсе боло тургандыгы жазылган. Анда белгиленгендей, журналистте парламентарийдин айткандары кемсинтүү, кордоо мүнөзүнө ээ болгондугун тастыктай турган лингвистикалык корутулар бар.

«Журналистке жарандык коом менен ММК өкүлдөрүнүн көзүнчө “жаза” уюштурушту! Бирок эмнеге экендиги түшүнүксүз?» — деп суроо салып жатышат эксперттер.

Ошондой эле «Институт Медиа Полиси» уюму депутаттардын журналистти аккредитациясынан ажыратуу маселесин карап, бирок Бакир уулунун өзүнө эч көңүл бурбай койгондуктарына нааразы.

«Жыйын журналистти “акырын” ургандыгын мойнуна алган депутаттын “агрессивдүү” жүрүш-турушун талкуулоого эмес, депутаттын “кол көтөрүүсүнөн” улам жабырланган адамга арналды», — деп жазылган эксперттердин билдирүүсүндө.

Комитет жыйыны

Этика жана регламент боюнча парламенттик комитет Бакир уулу менен Исраиловдун ортосундагы чырды 9-апрелде карады — анын жыйынтыгы боюнча, депутаттар журналисттин парламент имаратына кирүүсүнө тыюу салууну сунушташты. Бул чечим азырынча күчүнө кире элек, ал үчүн парламент аппараты тарабынан жактырылышы керек.

Исраиловду аккредитациясынан ажыратуу мүмкүндүгүнүн расмий себеби — анын февралда социал-демократ депутат Ирина Карамушкинага барганда имаратта жүрүү эрежесин бузгандыгы.

Анда журналист депутат менен бирге эскертүүсүз эле «Ар-Намыс» фракциясынан парламентарий Турсунбай Бакир уулунун иш бөлмөсүнө барышкан — депутаттар белгилешкендей, алар бул аракеттери менен регламентти бузушкан.

«Өзүнө келген адамды башка депутатка алып баруудан мурда [Карамушкина] алгач ал депутат менен макулдашышы керек болчу», — деп түшүндүрдү Kloop.kgге берген маегинде этика жана регламент боюнча парламенттик комитеттин төрайымы, депутат Айнуру Алтыбаева.

В кабинете Бакира уулу между депутатом и журналистом Бакир уулунун иш бөлмөсүндө депутат менен журналисттин ортосунда чыр чыгып, Исраиловдун версиясы боюнча, ал чыр «ар-намысчынын» «Общественный рейтинг» гезитинин кабарчысын уруп жибериши менен аяктаган.

Бакир уулу болсо журналистти ургандыгы тууралуу айтылган маалыматты четке кагып жатат.

Социалдык түйүндөгү «кемсинтүү»

Болжолдуу түрдө депутат менен журналисттин ортосундагы чыр Бакир уулунун «Фэйсбук» социалдык түйүнө жазган макалынан улам чыккан. Исраиловдун пикиринде, ал макал Карамушкинанын дарегине айтылып, аны кемсинткен.

Макал Карамушкинанын «аскер кызматкерлери орус тилин билбейт, сүйлөшүүгө кыйын болуп жатат», деп ММКлар аркылуу даттангандыгына жооп катары жазылган.

«Жаман үйдө конок бийлейт» деген кыргыз тилиндеги ал макалды Исраилов менен Карамушкина «У плохого хозяина гости танцуют» деп которушкан.

Журналист менен депутат эмне себептен Бакир уулу Карамушкинаны «конок» деп эсептей тургандыгын билүү үчүн анын иш бөлмөсүнө барышкан, анан анда чыр чыгып кеткен.

Бакир уулу Kloop.kgге берген маегинде макалдын Карамушкинага эч тиешеси жоктугун жана аны «конок» деп эсептебей тургандыгын билдирген.

Автор: Зарема Султанбекова