Иран: Мурунку кыргыз дипломаты «мыйзамсыз» виза берген деп шектелүүдө

Fergana

Атайын кызматтагылар чек арадан өтүү үчүн мыйзамсыз документтерди бергендиги үчүн кыргыз элчилигинин Ирандагы Консулдук өкүлчүлүгүнүн мурунку жетекчисине каршы кылмыш ишин козгоду. Азырынча бул боюнча ИИМ эч кандай комментарий бербей эле.

2-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз элчилигинин Ирандын Мешхед шаарындагы Консулдук өкүлчүлүгүнүн мурунку жетекчиси Мелисбек Байсымаковго каршы кылмыш ишин козгоду, — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Байсымаков кыргыз визаларын Ирандын жарандарына «мыйзамсыз» берген.

Атайын кызматтагылар ага каршы Кылмыш кодексинин эки: «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «ыйгарым укуктарын чегинен ашыруу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

УКМКнын басма сөз кызматы азырынча Байсымаковду кармай электиктерин жана учурда бул боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

ТИМдин басма сөз кызматынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери азырынча аларда бул боюнча маалымат жок болгондуктан министрлик комментарий бере албастыгын айтты.

Ал ТИМ өзүнүн Ирандагы Консулдук өкүлчүлүгүнө сурам жөнөткөндүгүн жана учурда андан келчү маалыматты күтүп жаткандыктарын кошумчалады.

Комментарий алуу үчүн Кыргызстандын Иран Ислам республикасындагы элчилигинин Консулдук пункту жеткиликсиз болууда.

Автор: Александра Ли

Сүрөттүн автору: Sem Paradeiro