Орусияда кыргыз коштоп жүрүүчүлөрүнөн алынган металл - алтын эмес металл галантерей болуп чыкты. Ошол эле поезддеги вагон-ресторандын директорунан бронежилет табылган — ал кызматкер жумуштан алынды, деп билдирди «Кыргыз темир жолу».
Федералдык коопсуздук кызматынын Оренбург облустук башкармалыгы Соль-Илецк шаарынан Эсенбек Тургуналиев аттуу кыргыз коштоп жүрүүсүнөн алгач алтын деп айтылып жаткан металл буюмдарын тапкан, бирок алар алтын эмес болуп чыкты — бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.
Ал коштоп жүрүүчү Бишкек-Москва каттамы боюнча бара жаткан поездди тейлеп жаткан.
«Текшерүү иштеринин жүрүшүндө ал буюмдар эксперттин изилдөөсүнөн өтүп, жыйынтыгында буюмдар металл галантерей экендиги аныкталды», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.
«Кыргыз темир жолу» Тургуналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок экендигин жана ага карата кылмыш иши козголбой тургандыгын билдирүүдө.
Бирок чек арачылар ошол эле вагон-ресторандан лицензиясыз, мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүшү керектиги жөнүндөгү уруксат кагазы жок чет өлкөдөн чыгарылган бронежилет да табышкан.
«Вагон-ресторандын директору Абдурахманов К,М.дан, ошондой эле ашпозчу менен түнкү ашкана жумушчусунан түшүнүк кат алынды», — деп жазылган «Кыргыз темир жолунун» билдирүүсүндө.
Директор кызматынан алынды, ал эми ашпозчу менен ашкана жумушчусу эки айга кызматтарынан четтетилишти.
Кыргыз поездинде контрабандалык жүк табылгандыгы тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги Федералдык коопсуздук кызматына шилтеме жасап 8-апрелде билдирген.
«Мыйзамсыз алынып бара жаткан зер буюмдардын жалпы салмагы 5 килограммды түздү. Аларды коштоп жүрүүчүлөр — Кыргызстандын жарандары — бейтааныш адамдардын өтүнүчү менен Москвага алып бара жатышкан имиш», — деп жазылган «Интерфакстын» макаласында.
Маалымат агенттиги ошондой эле вагон-ресторандын директору бронежилетти Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкеринин өтүнүчү менен чек ара аркылуу алып өтүп, Самарага жеткенде бейтааныш бир адамга берип жиберүүгө макул болгондугун жазган.
Автор: Зарема Султанбекова