Мөөнөтүнөн мурда бошотулган авторитет Батукаев Орусияга учуп кетти

Fergana

9-апрелде эркиндикке чыгарылган криминал авторитети Азиз Батукаев Орусиянын Грозный шаарында. Нарын шаардык соту аны катуу оорусуна байланыштуу эркиндикке чыгарган.

Батукаев бошотулаары менен Орусияга учуп кетти, деп билдирди Кыргызстандын Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматы.

«Ал Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун көрсөтүп, “Манас-аэропортунун” көзөмөл пункту аркылуу мамлекеттик чек арадан өттү», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Чек ара аскерлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Батукаев «Бишкек-Грозный» каттамы боюнча Орусияга учуп кеткен.

Чек ара аскерлиги алар бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлиги менен байланышып, такташкандыктарын билдирди.

Нарын шаардык соту Батукаевдин канындагы оор лейкоздон улам аны мөөнөтүнөн мурда 9-апрелде бошоткон, бул маалыматты ырастаган билдирүүнү Жогорку соттун басма сөз кызматы 10-апрелде таратты.

«Атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен катаал режимдеги №24 абактын дарыгери Азиз Бактукаевдин дартын аныкташып, “Оор лейкоз” диагнозун коюшкан», — деп жазылган Жогорку соттун билдирүүсүндө.

Нарын шаардык сотуна Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушу менен абактын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Абылгазиев кайрылган.

Өз чечиминде Нарын шаардык соту өлкөнүн Жазык процесстик кодексинин 363-беренесине таянган - ага ылайык, соттолгон адам жаза өтөө убагында жин оорусуна же башка катуу ооруга чалдыкса мекеменин администрациясынын сунушу боюнча, дарыгердик комиссиянын корутундусунун негизинде сот ал адамды мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу.

Батукаев 2008-жылдан бери Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) камакта болчу.

Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.

Автор: Александра Ли