Оштун мэри түштүк борбордогу жолдордун начар абалы үчүн өкмөттү сындады

Fergana

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов анын шаарында транспорт министрлигинин карамагындагы гана жолдордун абалы начар экенин билдирди.

Бул тууралуу Мырзакматов Ош шаары боюнча жүргүзгөн рейд учурунда айтты.

«Шаарда шаардык көчөлөр эмес, транспорт министрлигинин жолдору начар абалда экенин шаардыктар түшүнүшү керек», — деди Мырзакматов.

Ош мэриясынын маалыматы боюнча, жалпысынан түштүк борбордогу жолдордун 57 чакырымы Транспорт министрлигинин карамагында.

«Күндүн жылышы менен шаардын көпчүлүк тургундары жолдордун начар абалда экендигин айтып, даттанып жатышат. Бул маселени бардыгыбыз бирге тез аранын ичинде чечишибиз керек. Шаар тургундарынын жайлуу жашашы үчүн мэрия бардык аракеттерди көрөт», — деп жазган Ош мэриясынын сайты Мырзакматовдун айткандарын.

Бийликтин маалыматы боюнча, жалпысынан Оштогу жолдордун узундугу 500 километрден ашык, бирок алардын 60%ы гана бетон асфальт менен төшөлгөн, калгандары — шагыл жана топурак.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан Чарба департаментинин башчысы түштөнүүгө кеткендигин, бирок кийинчерээк Мырзакматовдун айткандары боюнча сөзсүз комментарий бере тургандыгын айтышты.

Мелис Мырзакматов — 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өз позициясын сактап калган жалгыз шаар башчысы.

Андан бери Мырзакматовдун борбордук бийлик менен болгон мамилеси анча жакшы эмес, 2012-жылы ал митингдерде ачык эле оппозициялык «Ата-Журт» партиясын колдоп чыккан.

Автор: Зарема Султанбекова