<Укук коргоочулардын системадагы «паракорчулуктан» улам процедураны токтото туруу өтүнүчүнө карабастан Бишкектин райондор аралык соту судьялыкка тандоонун биринчи айлампасын өткөрдү.
Сотторду тандоо кеңешинин сайтында райондор аралык соттун судьяларын тандоо боюнча өткөн сынактын биринчи айлампасынын жыйынтыктары жарыяланды — бул өлкөдөгү соттук реформага байкоо салып келген «Прецедент» өнөктөштүк тобунун өтүнүчүнө эч кандай көңүл бурулбагандыгын билдирет.
Биринчи айлампанын жыйынтыгы боюнча алдынкы оорунда Гүлжан Эсеналиева менен Чынара Садырова — алардын экөө тең 15 упайдан алышкан.
«Прецеденттин» башчысы Нурбек Токтакунов сотторду тандоонун улантылып жатышына нааразы.
«Эл кандай болсо соттор да ошондой. Эгер коомчулук унчукпаса, демек алар ушундай сотторго татыктуу. Аларды адамдар сатып алып жатышат, адилетсиздик менен макул болуп, өздөрүнүн укуктарын аягына чейин коргобой атышат», — деди ал.
Kloop.kg «Прецеденттин» буга чейинки өтүнүчү боюнча эч кандай комментарий бербеген Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев менен байланыша алган жок.
Жогорку сотторгу «коррупциялашкан» кадрлар
Бир апта мурун «Прецедент» өнөктөштүк тобу Жогорку жана облустук сотторго судьяларды тандоо «ордунан чыкпай калгандыгын» жана ал жактарга «коррупциялашкан» кадрлар баргандыгын билдирген.
Анда укук коргоочулар биринчи инстанцияларга судьяларды тандоонун системасын катаалдатууну сунушташкан.
«Жогорку сот менен облустук соттордун мүчөлөрүн тандоо ордунан чыкпай калса да биринчи инстанцияга татыктуу судьяларды тандоо жолу менен соттук реформаны куткаруу мүмкүнчүлүгү калды», — деп жазылган алардын кайрылуусунда.
«Прецедент» Сотторду тандоо кеңеши талапкерлердин мыйзамсыз кирешелерин аныктоого жана алардын буга чейин чыгарган өкүмдөрү боюнча даттанууларга тиешелүү деңгээлде көңүл бурган жок деп эсептейт. Укук коргоочулар ошондой эле добуш берүү баскычына өтүү үчүн керек болгон упайлардын чеги «төмөн болуп калган» деп эсептеп жатышат.
Жогорку соттун жаңы курамын тандоо 2011-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан соттук реформанын алкагында өткөн.
Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатанын, Жогорку жана жергиликтүү соттордун жаңы курамын тандоо үчүн 2011-жылдын июлунда түзүлгөн.
Анын иши президент Роза Отунбаева Конституциялык палатага үч гана талапкерди, ал эми Жогорку сотко бирин да өткөрбөй койгондон кийин убактылуу токтотулган.
Кеңеш ишин 2012-жылдын май айынан баштап кайрадан улантып, Жогорку сотко судьяларды тандоо менен алектенип баштаган.
Автор: Зарема Султанбекова