Транспорт министрлиги Ош шаарынын начар абалдагы жолдорун оңдойт

IMG_7599_1

Транспорт министрлиги өзүнүн карамагындагы Ош шаарынын жолдорунун бир бөлүгүн 1-майга чейин оңдой тургандыгын билдирип, убада берди. Бул билдирүү Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун сынынан кийин айтылды.

Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарбасы департаменти Ош шаарынын мэринин сынына жооп кайтарды – 9-апрелде Мелис Мырзакматов шаарда аталган министрликтин карамагындагы гана жолдор начар абалда экенин билдирген.

Департаменттин билдирүүсүндө министрлик тейлеш керек болгон 57 чакырым жолдун 14 чакырымы 1-майга чейин оңдолоору жазылган.

Ал аймактарды жалданма «Корпорация Синьцзян Бейсин» уюму карайт.

Муну менен катар транспорт министрлиги түштүк борбордун бийлиги өз карамагындагы жолдорду оңдоп баштай электигин айтып, Ош мэриясынын дарегине сын узатты.

«Азыркы тапта Ош облусунда Транспорт жана коммуникация министрлигинин структуралык бөлүмдөрү гана оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат. 513,3 чакырымга созулган Ош мэриясынын жолдорунда чуңкурларды оңдоо иштери да баштала элек», — деп билдирүү жазган министрлик.

Мэр Мырзакматов менен Транспорт министрлигин ортосундагы сын алмашуу 9-апрелде, Ош шаар башчысы түштүк борбордо рейд жүргүзүп жатканда башталган.

«Шаарда шаардык көчөлөр эмес, транспорт министрлигинин жолдору начар абалда экенин шаардыктар түшүнүшү керек», — деп билдирген Мырзакматов рейд учурунда.

Бийликтин маалыматы боюнча, жалпысынан Оштогу жолдордун узундугу 500 километрден ашык, бирок алардын 60%ы гана бетон асфальт менен төшөлгөн, калгандары — шагыл жана топурак.

Мелис Мырзакматов — 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өз позициясын сактап калган жалгыз шаар башчысы.

Андан бери Мырзакматовдун борбордук бийлик менен болгон мамилеси анча жакшы эмес, 2012-жылы ал митингдерде ачык эле оппозициялык «Ата-Журт» партиясын колдоп чыккан.

Автор: Зарема Султанбекова