Укук коргоочу башкы прокурорду кайрадан сотко берди

Downloads7

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун президенти Нурбек Токтакунов сурамга көпкө чейин жооп бербегендиги үчүн башкы прокурорду экинчи жолу сотко берди. Башкы прокуратура укук коргоочу сураган маалымат ачык түрүндө бар экендигин жана ага оңой эле жетүүгө болоорун билдирип жатат.

Токтакунов Башкы прокуратурага 22-март күнү сурам жөнөткөнүн, бирок дагы деле жооп ала электигин Kloop.kgге билдирди.

Укук коргоочунун айтымында, ал башкы прокурор Аида Саляновадан «Жарандарды Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына кабыл алуунун эрежелери жөнүндөгү» жобону сураган.

«Ал документ мага прокуратурада кабыл алуу бөлүмүнө барып арыз берүүнү каалаган жарандарга жасалма тоскоолдуктарды түзүү боюнча жаман практика түзүлүп калгандыгына байланыштуу керек болгон. Аны менен катар прокурорлор өздөрүнүн Жоболоруна таянып жатышат», — деп жазган ал өзүнүн «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

«Маалымат алуунун жеткиликтүүлүгү жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдар сурамдарга эки аптанын аралыгында жооп берүүгө милдеттүү.

Бирок ал мыйзамда эгер мамлекеттик орган сурамга алгачкы мөөнөттүн ичинде жооп даярдоого жетишпей калса, жооп берүүнү дагы эки жумага узартууга уруксат бере турган жобо бар.

«Ал жөнүндө сурам жөнөткөн адамга мөөнөттүн узартылышынын себеби көрсөтүлгөн маалымат берилет», — деп жазылган мыйзамда.

Бирок, Токтакуновдун айтымында, Башкы прокуратура ага мөөнөттүн узартылгандыгы жөнүндө эскерткен эмес, жөн гана сурамга жооп бербей койгон.

«Аида Салянова соттордун чечимин, негизи эле мыйзамды урганы жоктугун көрсөтүп, сурамга жооп бербей койду», — деп жазган укук коргоочу.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сейтжан Апышев Kloop.kgге берген маегинде эгер ал жобо ачык түрүндө бар болсо сурам жөнөтүүнүн эмне кереги бар эле деп, түшүнбөй жатканын билдирди.

Башкы прокуратуранын сайтынын издөө системасы суралган Жобону таба албай койду
Башкы прокуратуранын сайтынын издөө системасы суралган Жобону таба албай койду

«Мыйзамга ылайык, ал жеткиликтүү болушу керек болчу, биз аны сайтка жайгаштырганбыз. Ал бардыгына жеткиликтүү», — деди Апышев.

Бирок Kloop.kgнин журналисттери көзөмөлдөөчү органдын сайтынан ал Жобону таба алышкан жок.

Басма сөз катчы эмне себептен Токтакуновдун сурамына жооп бербей койгондуктарын тактап, кийинчерээк маалымат бере тургандыгын кошумчалады.

Токтакунов 9-апрелде сотко бергенин жана азырынча сот жыйынынын өтө турган күнү белгилене электигин билдирди.

Бул «Прецеденттин» башчысынын сурамга жооп бербегендиги үчүн башкы прокуратурду биринчи жолу сотко бериши эмес. Токтакунов 2012-жылдын август айында Башкы прокуратура анын «Кыргызтелекомдогу» мүмкүн болгон каржылын мыйзам бузуулар жөнүндөгү сурамына жооп бербей койгондо Салянованы сотко берген .

Анда сот Салянованы күнөөлүү деп таап, көзөмөлдөө органын укук коргоочунун сурамына жооп берүүгө милдеттендирген.

Автор: Александра Ли