Парламентарий Дастан Бекешев «Твиттердеги» баракчасына криминал авторитети Азиз Батукаев оорубай эле «чоң суммадагы» акчага бошотулушу мүмкүндүгүн жазды. Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушунун расмий себеби — канындагы оор лейкоз оорусу.
Бекешев өзүнүн билдирүүсүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлерине шилтеме жасаган.
«Биздин бийлик чоң суммадагы акча үчүн кимди болбосун бошотуп жиберет. Мүмкүн Батукаев оорубай эле. Мен укук коргоо органдары аркылуу анын баңгизатын колдоно тургандыгын билем, бирок оорулуу экенин укпаптырмын», - деп жазган Бекешев.
Депутат ошол эле маалда Батукаевди мыйзамды бузбастан бошотушкандыгын жазган.
«Ооба, Азиз Батукаев мыйзамдын чегинде бошотулду, бирок ал мыйзамдар бардык жарандар үчүн бирдей иштесе жакшы болмок», - деп жазылган депутаттын «Твиттеринде».
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башкы инспектору Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде мекеме Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушунан мыйзамдын бузулушун көрбөгөндүгүн билдирди.
«Прокуратура ал [Батукаев] ооруп жаткандыгы жөнүндө түшүндүрмө берди. Ал боюнча Батукаев оорусуна байланыштуу бошотулгандыгы тууралуу соттун чечими бар. Буга байланыштуу биз соттун чечимин сындап же ага комментарий бере албайбыз. Биз кандайдыр бир мыйзам бузулгандыгын көрбөй элебиз», — деди Осмонбаев.
Батукаев 9-апрелде мөөнөтүнөн мурда бошотулган — мындай чечимди Нарын шаардык соту катаал режимдеги №24 абактын дарыгери менен атайын түзүлгөн медициналык комиссиянын корутундусуна таянып кабыл алган — анда авторитеттин «канындагы оор лейкоз» бар экендиги жазылган.
Батукаев бошотулаары менен дароо Кыргызстандан чыгып, Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткен.
Нарын шаардык сотуна Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушу менен абактын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучусу кайрылган .
Сот өз чечиминде өлкөнүн Жазык процесстик кодексинин 363-беренесине таянган — ага ылайык, соттолгон адам жаза өтөө убагында жин оорусуна же башка катуу ооруга чалдыкса мекеменин администрациясынын сунушу боюнча, дарыгердик комиссиянын корутундусунун негизинде сот ал адамды мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу.
Батукаев 2008-жылдан бери Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) камакта болчу.
Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.
Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.
Автор: Зарема Султанбекова