Күзүндөгү шайлоодо оппозиция жеңген үч шаардык кеңеш таркатылды

Fergana

Кыргызстандын президенти Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак жана Ноокат шаардык кеңештерин таратып жиберди, бул шаардын депутаттары мэрлерин шайлай алышкан эмес. Күзүндө өткөн шаардык кеңештерди шайлоодо аталган шаарлардын бардыгында тең оппозиция жеңишке жеткен. Бул боюнча парламенттик азчылыктын өкүлдөрү эч кандай комментарий беришкен жок.

26-майда Ош облусунун Ноокат, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу жана Көк-Жаңгак шаарларынын жашоочулары кайрадан шайлоо тилкелерине барышат.

Себеби аталган шаарлардын кеңештери белгиленген мөөнөттүн ичинде мэрлерин шайлай алышкан жок.

«Жарлыкка ылайык, жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү аткаруу органдарынын башчыларынын шайланбагандыгына байланыштуу [...] Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушун кабыл алып, жогорудагы жергиликтүү кеңештерди таркатуу токтом кылынсын», — деп жазылган Боршайкомдун билдирүүсүндө.

2012-жылдын ноябрындагы жергиликтүү кеңештерди шайлоодо Майлуу-Сууда «Ата-Журт» партиясы, Ноокатта — «Республика», ал эми Көк-Жаңгакта — жергиликтүү коммунисттер көпчүлүк добушка ээ болушкан.

Өлкө боюнча бул үч шаардык кеңеш менен бирге дагы алты айыл аймагындагы айылдык кеңештер таркатылды.

Таркатылган шаардык кеңештер:

  • Майлуу-Суу, Жалал-Абад облусу;
  • Көк-Жаңгак, Жалал-Абад облусу;
  • Ноокат, Ош облусу.

Таркатылган айылдык кеңештер:

  • Жайыл районундагы Полтава айылдык кеңеши, Чүй облусу;
  • Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши, Чүй облусу;
  • Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши, Жалал-Абад облусу;
  • Тоң районунун Улахол айылдык кеңеши, Ысык-Көл облусу;
  • Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңеши, Ысык-Көл облусу;
  • Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңеши, Ош облусу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Болот Максутбаев кеңештердин таркатылышы шайлоодо ал шаарларда оппозициянын жеңишке жеткендигине байланыштуу эмес экендигин билдирди.

Азырынча бул боюнча оппозициялык партиялар эч кандай комментарий бербей эле.

«Республика» партиясы кайрадан шайлоонун өткөрүлүшү боюнча комментарий берүүдөн баш тартса, «Ата-Журт» партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов ал жергиликтүү кеңештердин таркатылгандыгы жөнүндө эч нерсе билбей тургандыгын айтты.