Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин ортосундагы жаңжал асманга ок чыгаруу менен аяктады - жаңжал атайын кызматтагылардын өкүлдөрү пара талап кылган деген шек менен эки милиция кызматкерин кармоого аракет кылышканда пайда болгон.
УКМКнын маалыматы боюнча, мекеменин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 12-апрель күнү кечинде Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерин кармоого аракет кылышкан, бирок ал жерге жетип келишкен милициянын кошумча күчү тоскоолдук кылган.
Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыгып, анын жыйынтыгында УКМКнын кызматкерлери эскертүү ирээтинде асманга ок чыгарышкан.
УКМК ок атууларды «өзүн өзү коргоо» жана «ыкчам-тергөө тобун физикалык жактан коргоо» менен түшүндүрүп жатат.
Өз кезегинде ИИМ УКМКнын кызматкерлери асманга гана ок чыгарбагандыктарын билдирип, далил катары кызматкерлеринин биринин билегине жарадар болгондугу тартылган сүрөттөрдү таратты.
УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы пара талап кылышкан деген шек менен милиция кызматкерлери Эркин Маматалиев менен Тилек Сарбашевдерди кармашкан.
ИИМдин берген маалыматы боюнча, алардын бири — Сарбашев — анын аракетиндеги кылмыштын белгилеринин «далилденбестигинен» улам 13-апрель күнү эртең менен бошотулган.
13-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ички иштер министри Абдылда Суранчиев менен УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бектен Садыгалиевдер да катышкан ыкчам кеңешме өткөргөн.
Сатыбалдиев анда окуянын келип чыгуусуна күнөөлүүлөрдүн бардыгын жазалай тургандыгын убадалап, тергөө аяктаганга чейин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысын кызматынан кетирген.
Бул Кыргызстандын укук коргоо органдарынын ортосунда орун алган алгачкы тирешүү эмес, бирок буга чейин тараптар бири-бирине ок чыгарышкан эмес.
Атайын кызматтагылар тарабынан милиционерлердин буга чейинки кармалышы эреже катары ИИМдин кызматкерлеринин нааразычылылы менен аяктап келген.
Автор: Бектур Искендер