Бишкекке Түркиянын премьер-министри менен бирге «Ротафармдын» башчысы да келген

pillsБишкекке «Ротафарм»  фармкомпаниясынын башчысы Равшан Тагиевдин түрк премьери Раджеп Эрдогандын делегациясынын курамында келгендиги тууралуу дароо бир нече булак кабарлады, алардын арасында депутат Ширин Айтматова дагы бар. Кыргызстандын укук коргоочулары  «Ротафармды» сапатсыз дары-дармек саткан жана дарыгерлерди сатып алган деп айыптап жатышат.

Тагиевдин Кыргызстанга келгендиги тууралуу буга чейин «Ротафармга» каршылыгын көрсөтүп келген парламент депутаты Ширин Айтматова өзүнүн  «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.

«Түрк тарап кыргыз-түрк бизнес-форумуна катыша турган фирмалардын тизмесин түзүп жаткандыгы жөнүндө уктум. Өзү менен бирге Ротафармды ала келгендиги үчүн Эрдоганга [Түркия премьер-министри Реджеп] рахмат. Түркиянын премьер-министринин деңгээлинде аферист-компаниялар сатуу рыногуна чыгып жатышат. Супер!))», — деп жазган ал.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов да өзүнүн фэйсбук-эккаунтуна «Ротафармдын» директорунун келгендиги тууралуу жазган.

«Эрдоган өзү менен бирге бизнес өкүлдөрүн да ала келди. Ал эми анын бул жакка эмне болгон бизнести түрткүсү келип жаткандыгын аны менен бирге “Ротафарм” компаниясынын директору Равшан Тагиевдин келиши боюнча түшүнсө болот», — деп жазган ал.

«Прецеденттин» башчысы бул тууралуу ага ишеничтүү эки адам айткандыгын Kloop.kgге билдирди.

Эрдогандын катышуусунда өткөн бизнес-форумда «Ротафармдын» башчысынын болгондугун «Акипресс» маалымат агенттиги да жазып чыккан.

«Кыргыз-түрк бизнес форумунда World Medicine İlaç San. Tic. Ltd. Şti  компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири Равшан Тагиевдин катышып жаткандыгы кызык болууда», — деп жазган маалымат агенттик.

Бирок Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы «Ротафармдын» башчысы Эрдогандын делегациясынын курамында болгондугу тууралуу айтылган маалыматты четке какты.

«Премьер-министрди коштоп жүргөндөрдүн расмий тизмесинде Равшан Тагиевдин ысымы жок», — деди ал.

«Ротафармдын» басма сөз кызматы да компаниянын президентинин Кыргызстанга келгендигин четке кагууда.

Британдык компания

«Ротафарм» дары-дармек чатагына алгач көз карандысыз изилдөөчүлөр, андан кийин бир катар саясатчылар менен башка фармкомпаниялардын изилдөөлөрү тарабынан Кыргызстанда сатылып жаткан «Репретин» дарысы адамдардын ден соолуктарына зыян келтире тургандыгы аныкталгандан кийин, 2013-жылдын февралында дуушар болгон.

Мындан улам изилдөө жүргүзгөн британдык «Гардиан» басылмасы «Репретин» дарысын колдонууга өткөн бейтаптар өздөрүн начар сезип, анын кошумча эффектилеринен жабыркап баштагандыктарын аныктаган.

Андан сырткары «Ротафарм» өзү билдиргендей британдык компания эмес, Британиянын Виргинск аралындагы оффшордук аймакта каттоодон өткөн көптөгөн өлкөлөргө дары-дармек сатып келген компания экендиги аныкталган.

«Гардиан» гезитинин изилдөөсүн окуу

Ошондой эле «Гардиандын » макаласында Равшан Тагиевдин Белоруссияда туулгандыгы, бирок азыркы тапта Түркия мамлекетинде жашай тургандыгы жазылган.

«Дюдил» бизнес-маалымдамасына ылайык, Тагиев Түркиянын жараны, ал «Ротафарм Лимитед», «Уорлд Медисин Лимитед» («АКИпресс» билдирген) жана «Трокас Фарма Лимитед» сыяктуу жети юридикалык жакты башкарат.

2013-жылдын мартында компанияга каршы чыгып жаткан дарыгерлер менен укук коргоочулар аларга карата «Ротафарм» тарабынан аңдуулар, коркутуп-үркүтүүлөр болуп жаткандыгын билдиришкен.

Компания өз кезегинде алардын дары-дармектерин зыяндуу деп атаган дарыгеролерди сотко берген.

«Ротафарм» чыр башталгандан бери компанияга каршы айтылган билдирүүлөрдүн бардыгы тең алардын атаандаштарынын «сатып алууларынын» жыйынтыгы экендигин билдирип келет.

Президенттин калкалоосундабы?

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов «Ротафарм» дарегине айтылган көптөгөн доолорго карабастан жогорку деңгээлдеги байланыштарынын колдоосунда Кыргызстандын рыногундагы ишин улантып жатат деп эсептейт.

«Чындыгында эле “Ротафармды” АША [Алмазбек Шаршенович Атамбаев] өзү калкалайбы, буга ишенгим келбейт. Бирок байланыш логикалуу болуп жатат: Дамира Ниязалиева [депутат] АШАга шайлоо алдындагы компаниясында өтө активдүү жардам берген. Аны менен катар Ширин Айтматованын Кыргызстандагы Ротафарм компаниясынын мыйзамсыз дарылары жөнүндө эскертип, анын обструкция жасоосун Дамира Ниязалиева сынга алып келет. Демек Ротафармдын акчасы АШАнын президент болушуна жардам берген болуп калабы, анан эми аны Эрдоган биздин фармрыногубузга түртүп жатабы?», — деп божомолдогон Токтакунов өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндө.

Бирок президент Атамбаевдин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов Kloop.kgге берген маегинде укук коргоочунун божомолдоосун четке какты.

«“Ротафарм” менен Атамбаевдин ортосунда эч кандай байланыш жок. Компанияны колдоо жок, жана ал президенттин шайлоо алдындагы компаниясын каржылаган эмес», — деп билдирди Токтогулов.

Автор: Александра Ли

Фото: e-MagineArt, «Фликр», лицензия Creative Commons