Милиция кызматкерлеринин митингдерге катышуусуна тыюу салынды

militia

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев милиция кызматкерлеринин нааразычылык акцияларга катышуусуна тыюу сала турган мыйзамга кол койду. ИИМ тыюу салууну туура эле кабыл алууда.

11-апрелде «Ички иштер органдары жөнүндөгү» мыйзам милиция кызматкерлерине митингдерди уюштуруу жана аларга катышууга тыюу сала турган жобо менен толукталды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев жобону бузган милиция кызматкерлерине айып төлөтүү жазасы каралгандыгын билдирди.

Осмонбаев айыптын көлөмүн айтып бере алган жок. Бирок соттун чечими менен мыйзам бузган кызматкер жумуштан алынышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Ошондой эле милиция кызматкерлерин акция катышуучуларына «сый мамиле кылууга» жана журналисттердин тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылып берүүгө милдеттендиришти.

Парламент мыйзамды үчүнчү окуудан, 2013-жылдын 7-мартында жактырган.

КСДП фракциясынын 2013-жылдын январында өткөн жыйынында Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да мыйзамды жактырып, ал боюнча туура эле көз карашта экендиктерин билдиришкен.

«Бизде тартип уставы бар. Биз жарандардын коопсуздугун сактап, укук тартибинин сакталышына байкоо салууга ыкталган аскер уюму болуп эсептелебиз», — деп билдирген анда ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев.

Чиновник тыюу салуу милиция кызматкерлеринин укуктарын бузат деп эсептебейт.

«Эгер милиционерлердин укуктарынын бузулушу бар болсо, алар сотко кайрылып, сот аркылуу адилеттүүлүктү калыбына келтирүүлөрү керек. Биз аскердик уюм болуп эсептелебиз, ошондуктан биздин кызматкерлердин митингдерде катышуучу катары жүрүүсү жарабайт», — деп айткан ал январда, бул тууралуу “24.kg” маалымат агенттигинин сайтында жазылган.

Милиция кызматкерлеринин митингдерге катышусуна тыюу салуу жөнүндөгү маселе 2012-жылдын башында, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кесиптеши Айбек Эшбаевдин өлүмү боюнча иликтөө иштерин жүргүзүү талабы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын алдында пикет уюштурушкандан кийин талкуулана баштаган.

Камакка алынган Эшбаевдин жансыз денеси 2012-жылдын февралында УКМКнын тергөө абагында табылган — болжолдуу түрдө ал ички тосулган эшикке асылып өлгөн.

Автор: Зарема Султанбекова