Өлкөнүн башкы укук коргоочусу Турсунбек Акун криминал авторитети Батукаев акыйкатчынын көрсөтмөсү менен бошотулган деп айтылып жаткан ушакты четке кагууда. Нарын шаардык соту криминал авторитетин 10-апрель күнү эркиндикке чыгарган.
Акун 15-апрелдеги журналисттер менен болгон жолугушуусунда Батукавдин бошотулушуна тиешеси жок экенин билдирди.
Акыйкатчынын айтымында, ал Батукаевдин саламаттыгынын «начар» абалда экендигин ырастаган, мындан улам аны кримавторитеттин эркиндикке чыгарылышына тиешеси бар деп айыптаган ушактар пайда болуп жатат.
«Бардык жерде Батукаевди мени бошоткон деген ушактар айтылып жатат, бирок андай эмес. Мен ага үч жыл бою байкоо жүргүзүп келгем, чын эле анын абалы начар болчу [...] Менин абийирим таза жана мени Батукаевдин иши боюнча күнөөлөбөгүлө», — деп билдирди ал.
Акыйкатчы камактагы өлө турган оорулуулардын бардыгын бошотуу керек деп эсептейт.
«Мен көптөн бери эле, эгер камактагы адамдын өлөөрүнө аз калса тууган-туушкандарынын жанында болуп алсын деп аны бошотуу керектигин айтып келе жатам», — деди Акун.
Ал криминал авторитетинин өлкөдөн чыгып кетишине таң калгандыгын айтты.
«Батукаев келип [Бишкекке], дарыланат деп ойлогом. Бирок ал шаарга келе элек жатып учуп кеткенине өзүм да таң калдым», — деди укук коргоочу.
Нарын шаардык соту Батукаевди 9-апрель күнү, анын канындагы оор лейкоз жана кара сарык оорусунан улам мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Сотко Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушу менен абактын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучусу кайрылган .
Сот өз чечиминде өлкөнүн Жазык процесстик кодексинин 363-беренесине таянган — ага ылайык, соттолгон адам жаза өтөө убагында жин оорусуна же башка катуу ооруга чалдыкса мекеменин администрациясынын сунушу боюнча, дарыгердик комиссиянын корутундусунун негизинде сот ал адамды мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу.
Бошотулгандан кийин криминал авторитети Чеченстандын Грозный шаарына учуп кеткен.
Батукаев 2008-жылдан бери Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) камакта болчу.
Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.
Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.
Автор: Нурия Рыскулова