«Ар-Намыс» судьяларды тандоону президентке өткөрүп берүүнү сунуштап жатат

sud-21

«Ар-Намыс» фракциясы Сотторду тандоо кеңеши талапкерлерди баштапкы баскычтарда гана карап, ал эми акыркы чечимди чыгаруу укугун өлкө башчысына бере турган мыйзам долбоорун сунуштады. Мындай практика Роза Отунбаева президент болуп турган маалда бар болчу.

«Ар-Намыстын» бул сунушуна Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Бектен Садыгалиевдин билдирүүсү себеп болгон — ал өлкөдөгү соттук органдардын көпчүлүгү мыйзамга ылайык келбеген чечимдерди чыгарып жаткандыктарын билдирген.

Садыгалиевдин маалыматы боюнча, кыргыз судьялары маалыматтарды шектүү адамдарга чейин жеткирип, тергөөгө тоскоолдук кылышат.

Парламенттин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, депутаттар Сотторду тандоо кеңешинин кудуретсиздиги жөнүндө пикирлерин билдиришкен.

«Фракция лидери Феликс Кулов белгилегендей, Сотторду тандоо кеңеши судьялыкка талапкерлерди биринчи жана экинчи баскычтарда карап, ал эми үчүнчү баскычта кароо укугун президентке өткөрүп берүүнү сунушталып жатат», — деп жазылган билдирүүдө.

Бул боюнча комментарий алуу үчүн Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев жеткиликсиз болууда.

2011-жылдын июлунда сотторду тандоо менен экс-президент Роза Отунбаева жеке өзү алектенген, бирок анда өлкө башчысы Конституциялык палатага үч жана Жогорку сотко бир гана талапкерди өткөргөн, мындан улам сотторду тандоонун процедурасы оңунан чыкпай калган.

Жогорку соттун курамын тандоо 2011-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан соттук реформанын алкагында өтүп жатат.

Сотторду тандоо кеңеши 2011-жылдын июль айында, Конституциялык палатанын, Жогорку жана жергиликтүү соттордун курамдарын тандап алуу үчүн түзүлгөн.

Депутаттар Сотторду тандоо кеңешинин ишин 2011-жылдын октябрында, июлдагы ишинин ордунан чыкпай калгандыгына байланыштуу токтоткон. Кеңеш өз ишин 2012-жылдын майында кайрадан улантып баштаган — анда Жогорку сотко жаңы судьяларды тандоо жарыяланган.

Жогорку инстанциянын судьяларын тандоонун толук кандуу ишке ашпай калгандыгы тууралуу укук коргоочулар да белгилешкен. Бир апта мурун «Прецедент» өнөктөштүк тобу Жогорку сотко «коррупциялашкан» кадрлар өткөндүгүн билдирген.

Укук коргоочулар биринчи инстанцияларга судьяларды тандоону токтото турууну өтүнүшкөн, бирок Сотторду тандоо кеңеши өтүнүчтү көңүлгө албай, сынакты уланткан.

Автор: Зарема Султанбекова