Орусия КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына ички паспорттору менен кирүүгө тыюу салышы мүмкүн

gknb-clash

Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин өлкөгө КМШ мамлекеттеринин жарандарынын ички паспорттору менен кирүүсүнө тыюу салуу керектигин билдирди. Бул боюнча Кыргызстандын ТИМи азырынча расмий билдирүү ала элек.

Рогозин ички паспортторду «идентификациялоого болбой турган документ» деп атады.

«Менин оюмча, жакынкы убакта Орусияга идентификациялоого болбой турган документтер менен кирүүнү токтотуу керек. Бул чаралар тез аранын ичинде колдонулушу мүмкүн, кандай болгон күндө да Тажикстан менен болгон темир жол байланышында», — деп жазган вице-премьердин айткандарын «Дождь» телеканалы өз сайтында.

«Дождь» каналынын билдирүүсү боюнча, тыюу салуу бир нече айдын ичинде ишке ашырылышы мүмкүн.

Рогозин өлкөнүн чек арасындагы мындай режим Орусиянын өз жарандары үчүн Европа визаларын жокко чыгаруусуна тоскоолдук кылып жаткандыгын билдирген, деп жазылган «Эхо Москвы» радиостанциясынын сайтында.

Өз билдирүүсүндө вице-премьер президент Владимир Путиндин ички паспорттор менен кирүүгө 2015-жылга чейин тыюу салуу керек деген билдирүүсүнө таянган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Дмитрий Ли азырынча Орусияга ички кыргыз паспорттору менен кирүүгө тыюу салуу маселеси талкуулана электигин Kloop.kgге билдирди.

«Биз Орусия тараптан эч кандай расмий документ, билдирүү алган жокпуз, ошондуктан бул боюнча бир нерсе айтууга эртелик кылат», — деди ал.

Визалык режим

Орусиянын улутчулдары февралдын башында Борбордук Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар үчүн визалык режим киргизүүнү талап кылышкан.

Анда «Улуттук күч» кыймылы «Стоп-миграция» кампаниясынын алкагында визалык режим киргизүү үчүн кол топтоп баштаган.

«Биз эмнеге миграцияга каршы чыгып жатабыз? Улуттук жана расалык себептер менен эмес. Бизде эч кандай жаман ой жок, Орусиядагы мигранттардын көпчүлүк бөлүгү мыйзамсыз жүргөндүктөрүнөн каршы чыгып жатабыз», — деп түшүндүрдү кампаниянын уюштуруучусу Валерий Соловьев.

Кыргыз диаспораларынын Орусия менен Казакстандагы «Замандаш» ассоциациясынын миграция маселеси боюнча координатору Азамат Айтбаев Орусия бийлигинин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн визалык режим киргизе тургандыгынан күмөн санап жатат.

«Орусияга жумушчу күч керек, ошондуктан алар виза режимин киргизишпейт», — деди Айтбаев.

Автор: Зарема Султанбекова