УКМК менен болгон жаңжалдан кийин кармалган милиционер эки ай тергөө абагында камакта болот

gknb-clash

Биринчи май райондук соту Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерин эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарды — атайын кызматтагылар аны пара талап кылган деген шек менен 12-апрель күнү кечинде кармашкан, кармоо маалында жаңжал чыгып, асманга ок атылган. ИИМ ыкчам кеңешме өткөрүп жатат.

Судья Бекболот Жээнбеков милиция кызматкери Эркин Мамбеталиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камоо өкүмүн чыгарды — баш коргоо чарасы кечээ, 14-апрелде чыгарылган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жоробай Абдраимов бүгүн ыкчам кеңешме өтөөрүн жана мекеме андан кийин гана окуя боюнча расмий позициясын билдире тургандыгын Kloop.kgге айтты.

Азырынча ИИМ кызматкерине карата пара талап кылган деген айыптоо боюнча комментарий бербей эле. Мекеме кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы пара талап кылышкан деген шек менен Мамбеталиев менен анын шериги Тилек Сарбашевдерди 12-апрель күнү кармаган, бирок ал жерге милициянын кошумча күчү келип, жаңжал чыгып кеткен.

Жыйынтыгында, атайын кызматтагылардын өкүлдөрү эскертүү катары асманга ок чыгарышкан — УКМКнын кызматкерлери бул аракеттерин «өзүн өзү коргоо» жана «ыкчам-тергөө тобун физикалык жактан коргоо» менен түшүндүрүп жатышат.

Өз кезегинде ИИМ УКМКнын кызматкерлери асманга гана ок чыгарбагандыктарын билдирип, далил катары кызматкерлеринин биринин билегине жарадар болгондугу тартылган сүрөттөрдү таратты

Атайын кызматтагылар алар тарапта да жабырлангандар бар экендигин айтып жатышат — мекеменин сайтында кызматкерлеринин бири ооруканага жаткырылгандыгы жазылган.

ИИМдин берген маалыматы боюнча, алардын бири — Сарбашев — анын аракетиндеги кылмыштын белгилеринин «далилденбегендигинен» улам 13-апрель күнү эртең менен бошотулган.

13-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ички иштер министри Абдылда Суранчиев менен УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бектен Садыгалиевдер да катышкан ыкчам кеңешме өткөргөн.

Сатыбалдиев анда окуянын келип чыгуусуна күнөөлүүлөрдүн бардыгын жазалай тургандыгын убадалап, тергөө аяктаганга чейин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысын кызматынан кетирген.

Бул Кыргызстандын укук коргоо органдарынын ортосунда орун алган алгачкы тирешүү эмес, бирок буга чейин тараптар бири-бирине ок чыгарышкан эмес.

Атайын кызматтагылар тарабынан милиционерлердин буга чейинки кармалышы эреже катары ИИМдин кызматкерлеринин нааразычылыктары менен аяктап келген..

Автор: Зарема Султанбекова