УКМК: милиция чиновниги атайын кызматтагыларды өз иш бөлмөсүндө сабоого уруксат берген

gknb-clash

Жума күнкү жаңжал маалында Свердлов РИИБсинин башчысынын орун басары кол алдындагыларга милиция имаратына тинтүү үчүн барган атайын кызматтагыларды сабоого уруксат берген — бул тууралуу бүгүн УКМК билдирди. Милиция бул маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.

12-апрель күнү — пара талап кылгандыктары үчүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан эки милиция кызматкери кармалгандан кийин — УКМКнын ыкчам иликтөө тобу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө барышкан.

УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, тинтүүнүн сот тарабынан санкциялангандыгына карабастан 30—40 милиция кызматкери экинчи кабаттагы жарыкты өчүрүп, РИИБнин башчысынын орун басары Ибраимовдун көзүнчө атайын кызматтын өкүлдөрүнө кол салышкан.

«Милиция кызматкерлери караңгы экендигинен пайдаланып Ыкчам иликтөө тобунун мүчөлөрүн сабап башташкан. Андан кийин физикалык күчүн жана көптүгүнөн пайдаланышып УКМКнын кызматкерлери менен тинтүү үчүн чакырылган күбөлөрдү көчөгө түртүп чыгарышкан. Ал аз келгенсип ИИБнин башчысынын орун басары Ибраимов А. өзүнүн иш бөлмөсүндө кол алдындагыларга УКМКнын кызматкерлерин сабоого уруксат берген», — деп жазылган билдирүүдө.

Билдирүүгө ылайык, УКМКнын кызматкерлеринин денелери зыянга учураган, кээ бирлеринин кызматтык күбөлүктөрү менен процессуалдык документтерин жулуп алышкан, ал эми күбөлөрдүн жеке буюмдары, кол сааттары алынган.

Бөлмөлөрдөгү тинтүүнү мушташтан үч саат өткөндө — ал жерге УКМКнын, ИИМдин жана Свердлов райондук прокуратурасынын жетекчилиги келгенден кийин — жүргүзүүгө туура келди, деп жазылган билдирүүдө.

«Процессуалдык чечим чыгаруу үчүн Свердлов райондук ИИБсинин кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча материалдар прокуратура органдарына жөнөтүлөт», — деп билдирди УКМК.

Милиция четке какпай эле

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Kloop.kgге берген маегинде УКМКнын билдирүүсүн четке каккан да жок, ырастаган да жок.

Сейитов бул ишти окуяга юридикалык баа берүү тапшырмасы берилген Башкы прокуратура менен атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия карап, чечим чыгара тургандыгын билдирди.

«Кимдики туура, ким күнөөлүү экенин Башкы прокуратура менен атайын түзүлгөн комиссия гана айта алат. Биз комментарий бере албайбыз, анткени алар биздин кызматкерлер да», — деди Сейитов.

Бул боюнча бүгүн ИИМ ыкчам кеңешме өткөрүп жатат.

Асманга ок чыгаруу

Укук коргоо органдарынын ортосундагы жаңжал 12-апрель күнү, УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Свердлов РИИБсинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Эркин Мамбеталиев менен Тилек Сарбашевдер 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалгандан кийин Бишкектин Элебаев жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

УКМКнын божомолу боюнча, кармоо маалында ал жерге 50-60тай милиция кызматкери келип, кесиптештерин кармоого тоскоолдук кылышкан.

УКМК маалымдагандай, шектелип жаткандарды эскертүү катары асманга эки жолу ок чыгаргандан кийин гана кармоого мүмкүн болгон.

Атайын кызматтагылардын билдирүүсү боюнча, ал жерде ШИИБнин башчысы Мелис Турганбаев менен убактылуу кызматынан бошотулган Свердлов РИИБсинин башчысы Айбек Нусубалиевдин болгондугуна карабастан, милиция кызматкерлери кармалгандардын унаасын белгисиз жакка алып кете алышкан.

Сарбашев аракетиндеги кылмыштын белгилеринин «далилденбегендигинен» улам 13-апрель күнү эртең менен бошотулган. Ал эми Мамбеталиев эки ай, тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

УКМКнын билдирүүсүнө ылайык, милиция кызматкери Эрлан Нурболотов аттуу жаранды баңгизатын сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн андан 80 миң сом пара талап кылган.

Автор: Зарема Султанбекова