Астанадагы курулушта эки кыргызстандык каза болду

gknb-clash

Казакстандын борборундагы турак-жай комплексинин курулушунда иштеп жаткан эки кыргызстандык каза болду. Алардын денелери мекенине алынып келинди.

10-апрелде болгон Астанадагы кырсыктан улам эки кыргызстандык жаран каза болуп, бири жараат алды, деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

ТИМдин маалыматы боюнча, үч кыргызстандык тең «Европа Палас» деп аталган жаңы турак-жай комплексинин курулушунда иштеп жүрүшкөн.

Каза болушкан Урмат Асангазиев менен Эрмек Донбаевдер Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Маяк айылынын жашоочулары болушкан.

Алардын денелери Кыргызстанга 13-апрель күнү алынып келинген. Каза болгондорду мекенине жөнөтүүнү курулуш объектисинин башкы жалдануучусу «Казбилдинг Инженеринг» компаниясы менен Кыргызстандын Астанадагы элчилиги ишке ашырды.

Кырсыктан жабыркаган кыргызстандык Мелис Аламанов жеңил жарааттарды алып, учурда ооруканадан чыгарылды.

11-апрелде бул факт боюнча Казакстандын Кылмыш кодексинин «Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген эмгекти коргоо эрежелеринин бузулушу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда Астананын Ички иштер департаменти тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Кыргызстандыктардын кандай жагдайларда каза болгондуктары такталып жатат.

Автор: Александра Ли

Сүрөттүн автору: zulkarna