Азия Микс чейрек финалда жеңилип, КВНдин Жогорку лигасынын жарым финалдык бөлүгүнө өтпөй калды

gknb-clash

Кыргыз командасы КВНдин Жогорку лигасынын кийинки баскычына өтпөй калды. Оюндун жыйынтыгы боюнча Азия Микс төртүнчү орунга ээ болду, деп жазылган КВНдин Эл аралык союзунун расмий сайтында.

Чейрек финалда «Азия Микс» 11,9 упайга ээ болду, бул оюндун жеңүүчүсү аталган Кемеровдон келген «КемБридж» командасы алган упайдан 2,1 упайга аз.

Оюнга жалпысынан беш команда катышты, бирок жарым финалдык бөлүккө экөө гана - «Кембридж» жана «ГородЪ ПятигорскЪ» командалары өтүштү.

«Азия Микс» «Ишеним» деген темадагы алгачкы «Саламдашуу» сынагында биринчи болуп сахнага чыкты.

КВНдин расмий сайтынын маалыматы боюнча, команда оюнун салт болуп калгандай сахнага маданият жана бокс министринин чыгуусу менен баштады. Андан соң команда Ким Чен Ындын [Корей элдик армиясынын башкы командачысынын] Корей Элдик Демократиялык Республикасында жайгашкан бункери жөнүндөгү тамашасын көрсөттү, кыргызстандыктардын бул номерин тексттик трансляция жүргүзгөн алып баруучусу Дмитрий Дьяченко «аракетке келтирүүчү, козгоочу» номер катары баалады.

Андан соң кыргыз курамасы «Фазенда» программасы жана мигранттар тууралуу тамаша көрсөттү.

«Эң мыкты башталыш — азиаттар көрүүчүлөрдү азгырып, өзү менен жетелеп күлдүрүп жатышат. Эльдик [Команда капитаны Эльдияр Кененсаров] — азамат, ар бир тамашаны иштеп чыгып, жакшы жеткирип берүүдө!», — деп эмоциясы менен бөлүштү Дьяченко.

«Азия Микс» бул сынак үчүн мүмкүн болгон эң жогорку беш упайдын 4,7син ала алды.

Команда экинчи сынак - биатлондон 0,4 упай менен экинчи айлампада четтеди.

«Азия Микс» СТЭМде «негизинен жакшы» оюн көрсөттү, бул сынактагы эң жогорку болуп эсептелген төрт упайга 0,7 гана упай жетпей калды.

«Орус (Дима Хасис) азиатка батирин ижарага берип, бирок ал жерде бир айылдын элинин санындагы адам жашап жаткан болуп жүрбөсүн деп шектенет. Азиат (анын ролун Эльдияр аткарган) үй ээсин чеберчилик менен алдап, ишендирүүгө аракет кылат, бирок андан кийин анын туугандарын, айылдаштарын токтотууга мүмкүн болбой калат. Бул маалда полиция кызматкери да пайда болот. Негизинен жакшы», — деп сүрөттөгөн миниатюранын сюжетин тексттик трансляциянын алып баруучусу.

Музыкалык сынакта «Азия Микс» максималдуу болуп эсептелген төрт упайдын 3,5не гана ээ болду.

Команда анда кыргыздар менен коммунисттер жөнүндө ырдаган акын жөнүндөгү сценканы көрсөтүштү.

«Жакшы иштелип чыккан музыкалык номер», — деп жазган Дьяченко кыргызстандыктардын бул сынактагы оюну жөнүндө.

Оюндун жыйынтыгы:

  • «КемБридж», Кемерово — 14,0
  • «ГородЪ ПятигорскЪ», Пятигорск — 13,8
  • «Факультет журналистики», Санкт-Петербург — 12,9
  • «Азия mix», Бишкек — 11,9
  • «Союз», Тюмень облусу — 11,4

Жалпысынан сезондо 1/8 финалдык бөлүктө төрт оюнга бөлүнгөн 19 команда катышууда.

«Азии Микс» үчүн бул оюн КВНдин Жогорку лигасындагы экинчи оюну болду. Ал 15-апрель күнү кечинде Москва шаарында өттү. Кыргызстандын командасы катышкан бул оюнду Орусиянын Биринчи каналы 21-апрелде, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө көрсөтөт.

Команда КВНдин беделдүү лигасына 2013-жылдын январында Орусиянын Сочи шаарында өткөн «КиВиН-2013» фестивалынын тандап алуу бөлүгүндөгү ийгиликтүү оюн көрсөткөндүгүнүн эсебинен өткөн.

«Шайыр тапкычтар клубу» — 1961-жылы СССРде пайда болгон популярдуу юмористтик оюн.

1964-жылдан бери анын алмашкыс алып баруучусу Александр Масляков — учурда ал Жогорку лиганы гана алып барат.

1971-жылдын соңунда СССРди тымызын шылдың кылгандыгы үчүн КВНди жаап салышкан, оюн кайра куруу доорунда — 1986-жылы кайрадан өз ишин уланта баштап, ошондон бүгүнкү күнгө чейин КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу теле шоу болуп саналат.

Автор: Александра Ли