ИИМ: Милиционерлердин УКМКнын кызматкерлери менен чырлашуусу — уят

gknb-clash

Ички иштер министри Абдылда Суранчиев милиционерлер менен УКМКнын кызматкерлеринин ортосундагы өткөн жума күнкү жаңжал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Мекеме ал фактыны «уят иш» деп атады.

Бул 12-апрель күнү кечинде, Бишкектин борборунда асманга ок атуу менен аяктаган милиционерлер менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ортосундагы жаңжал боюнча ИИМдин берген алгачкы баасы.

«Тапшырылган иш үчүн ыкчам топтун ар бир кызматкеринин жоопкерчилигин жогорулатуу, кадыр-баркын көтөрүү, Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн даңктуу эмгек жана согуштук салттарын пропагандалоону жакшыртуунун зарылдыгы жөнүндө министр, министрдин ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын полковниги Фурхат Үсөновдор сөз сүйлөштү», — деп жазылган ИИМдин сайтында.

Суранчиев Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн аппарат жетекчилерине «кол алдындагы кызматкерлердин кылгандарын» карап чыгып, 2-майга чейин тартипке келтирүү тапшырмасын берди.

«Ал эми тартипсиздиги, берилген ишти аткара албагандыгы жана криминал менен болгон байланышы менен өзүн уят кылгандарды кызматтан алуу керек», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Сайтта Кылмыш иликтөө бөлүмүн тартипке келтирүү боюнча жүргүзүлө турган иш-чаралардын аткарылышын министр өз көзөмөлүнө алгандыгы жазылган.

Бири-бирин күнөөлөө

Укук коргоо органдарынын ортосундагы жаңжал 12-апрель күнү, УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Свердлов РИИБсинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Эркин Мамбеталиев менен Тилек Сарбашевдер 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалгандан кийин Бишкектин Элебаев жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Атайын кызматтагылардын билдирүүсүнө ылайык, шектүүлөрдү эскертүү катары асманга эки жолу ок чыгаргандан кийин гана кармоого мүмкүн болгон.

ИИМ УКМКнын кызматкерлери асманга гана ок чыгарбагандыктарынын далили катары жарадар болгон милиция кызматкеринин сүрөтүн таратты.

Өз кезегинде атайын кызматтагылар Свердлов РИИБсинин башчысынын орун басары кол алдындагыларга милиция имаратына тинтүү үчүн барган УКМКнын кызматкерлерин «сабоого» уруксат берген деп билдиришти.

Бул тапта Свердлов РИИБсинин башчысы Айбек Нусубалиев убактылуу кызматынан четтетилген.

Сарбашев 13-апрель күнү эртен менен бошотулган, Мамбеталиев болсо тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында эки ай камакта болот.

Жаңжалга баа берүү үчүн атайын өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Ошондой эле бул маселе менен Башкы прокуратура да алектенип жатат.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт ИИМдин сайтынан алынды, анда ички иштер министри Абдылда Суранчиев