ИИМ жана УКМК кызматкерлеринин ортосундагы жаңжалды Бишкек прокуратурасы иликтейт

IMG_0342

Милиционерлер менен атайын кызматтагылардын ортосунда болгон жаңжал боюнча материалдар Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Көзөмөлдөө органы кылмыш ишин козгоо боюнча чечимин фактыларды текшерип бүткөн соң кабыл алат.

16-апрелде шаардык прокуратура өткөн жума күнү ИИМ жана УКМК кызматкерлеринин ортосундагы жаңжал фактысы боюнча материалдарды алды, деп билдирди көзөмөлдөө органы.

Тергөө иштерин башкаруу менен алектенип жаткан Бишкектин прокурорунун орун басары Алмазбек Тайсалов Kloop.kgге берген маегинде алар фактыларды текшергенден кийин укук короо органдарына каршы кылмыш ишин козгоо же козгобоо боюнча чечим чыгара тургандыктарын билдирди.

«Учурда териштирүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишин козгоо же козгобоо чечимин чыгарабыз. Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, бул үчүн бизге 10 күндүк мөөнөт берилет», — деди ал.

Укук коргоо органдарынын ортосундагы жаңжал 12-апрель күнү, УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Свердлов РИИБсинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Эркин Мамбеталиев менен Тилек Сарбашевдер 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалгандан кийин Бишкектин Элебаев жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Атайын кызматтагылардын билдирүүсүнө ылайык, шектүүлөрдү эскертүү катары асманга эки жолу ок чыгаргандан кийин гана кармоого мүмкүн болгон.

ИИМ УКМКнын кызматкерлери асманга гана ок чыгарбагандыктарынын далилдеп, жарадар болгон милиция кызматкеринин сүрөтүн таратты.

Өз кезегинде атайын кызматтагылар Свердлов РИИБсинин башчысынын орун басары кол алдындагыларга милиция имаратына тинтүү үчүн барган УКМКнын кызматкерлерин «сабоого» уруксат берген деп билдиришти.

Бул тапта Свердлов РИИБсинин башчысы Айбек Нусубалиев убактылуу кызматынан четтетилген.

Сарбашев 13-апрель күнү эртен менен бошотулган, Мамбеталиев болсо тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында эки ай камакта болот.

Автор: Александра Ли

Сүрөттүн автору: Тилек Бейшеналиев