Көмүр кенин иштетүүгө «мыйзамсыз» лицензия берүү фактысы боюнча тергөө аяктады

gknb-clash

Атайын кызматтагылар Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Учкунбек Ташбаевдин көмүр кенин иштетүүгө «мыйзамсыз» лицензия бергендиги фактысы боюнча тергөөнү аяктады. УКМК аны 30-ноябрда кармаган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө «Көк-Жаңгак» көмүр кенин иштетүү үчүн лицензия берүүдө жана «Юник Ресорсес Майнинг Компани» ЖЧКсы менен болгон макулдашуунун мөөөнөтүн узартууда мыйзам бузулгандыгы аныкталды, деп билдирди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы.

Атайын кызматтагылар кылмыш ишинин материалдарын Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөттү.

УКМК Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысын 30-ноябрда кармаган — ага карата «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган» жана «лицензиялык иштерди аткарууда кызматтык абалы мыйзамсыз пайдаланылган» деген айыптар коюлган.

Ташбаевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Kloop.kgге берген маегинде азырынча сот жыйыны өтө турган күн белгилене электигин билдирди.

Ал жактоого алган чиновник күнөөсүн мойнуна албай жаткандыгын кошумчалады.

Ташбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти 2012-жылдын январынан бери башкарып келген.

Бул кызматка аны ал кезде министрлер кабинетинин башчысы болуп турган Өмүрбек Бабанов лидерлик кылган парламенттик «Республика» фракциясы сунуштаган.

Парламенттик коалиция таркап, Бабанов премьер-министрликтен кеткен соң Ташбаев мамлекеттик агенттиктин башчылыгы кызматынан ажыраган.

Ташбаев ошондой эле мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын санаалаштарынын катарына кирген. Ал Максим менен Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикте мамлекеттик органдын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Александра Ли