Мурунку жаратылыш ресурстары министри «мыйзамсыз» лицензия бергендиги үчүн кармалды

Chaarat

Мурунку жаратылыштар ресурстары министри Замирбек Эсенаманов тергөө аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта болотал «Көк-Жаңгак» таш көмүр кенин иштетүү үчүн мыйзамсыз лицензия берген деп айыпталып жатат.

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мурунку жаратылыштар ресуртары министрлигин (азыркы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти) текшерип, Эсенаманов 2010чу жана 2011-жылдары министр болуп турган маалда бир топ лицензияны «мыйзамсыз» бергендигин аныктады.

«2011-жылы Эсенаманов башында турган жер казынасын пайдалануу боюнча комиссия «Көк-Жаңгак» таш көмүр кенин иштетүү үчүн өкмөттүн тиешелүү чечими жок эле төрт лицензияны мыйзамсыз берген», — деп жазылган УКМКнын сайтында.

Мекеме Эсенамановго каршы «кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «лицензия берүүдө кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасы катары мурунку министрди 27-майга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо өкүмүн чыгарды.

Бул боюнча комментарий алуу үчүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.

Эсенаманов жаратылыш ресурстары министри кызматын 2010-жылдын декабрынан бери ээлеп келген. Ал кызматынан президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгынан кийин кеткен — министр болуп турганда Замирбек Эсенамановго эки жолу сөгүш жарыяланган, ошондой эле аны тоо кен тармагын «бүлүнткөндүгү» үчүн сынга алып келишкен геологдор менен инвесторлордун нааразычылыктарын бир нече жолу уккан.

«Көк-Жаңгак» кенин иштетүү үчүн мыйзамсыз лицензия берген деп геология боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Учкунбек Ташбаев да айыпталып жатат, ал мекеме башчысы болуп январдын ортосунан бери иштеп баштаган жана 2012-жылдын 30-ноябрында камакка алынган.

Бүгүн, 16-апрелде УКМК Ташбаевдин иши боюнча тергөөнү аяктап, документтерди Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөттү.

Ташбаев учурдагы оппозициялык «Республика» партиясынын кишиси болгон, Эсенаманов дагы ал партиянын мүчөсү.

Автор: Зарема Султанбекова