Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Социалдык өнүктүрүү жана ишкерлик институтунун ректору Рыскелди Табышевдин иши боюнча материалдарды сотко жөнөттү. Ал 2013-жылдын февралында «пара талап кылгандыгы» үчүн кармалган.
Атайын кызматтагылар Табышевдин ишинин материалдарын 11-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөрүп берди, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Институттун кызматкери бул тууралуу окуу жайынын жетекчилиги кабардар экенин айтып, андан аркы комментарий берүүдөн баш тартты.
Райондук сот ректордун иши боюнча комментарий бербестен, расмий сурам жөнөтүүбүздү өтүндү.
Табышев үстүбүздөгү жылдын 12-февралында УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан пара катары 18 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
Тергөө Табышевдин мамлекеттик экзаменден ийгиликтүү өткөрүп, дипломдук ишин жактоодо жардам көрсөтүү үчүн студентинен акча талап кылгандыгы фактысын аныктады.
Ага каршы — кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана пара талап кылуу беренелери боюнча эки кылмыш иши козголгон.
Учурда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.
Автор: Нуржамал Жаныбекова