Жалал-Абад: Журналисттер менен укук коргоочуларды сот залынан сүрүп чыгарып салышты

20130417_134648

«Өкүмсүз жазалоо» иши боюнча өтүп жаткан сотко катышып жаткандар жыйындар залынан укук коргоочулар менен кабарчыларды сүрүп чыгарып салышты. Судья бул боюнча эч нерсе билбегендигин айтып жатат.

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунда айылдаштары мал уурдаган деп айыптап, «өкүмсүз жазалоо» жолу менен «сабап салышкан» Айткул Арстанбековдун иши каралды . Бул иш боюнча күнөөлүү катары өтүп жаткандар «бейбаштык» беренеси боюнча соттолуп жатышат.

Kloop.kgнин кабарчысы Евгений Погребняк Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун залындагы ММК өкүлдөрү менен укук коргоочуларды ал жерге чогулган эл сүрүп чыгарып салгандыктарын билдирди.

«Биз сот залына киргенибизде алар кимсиңер деп кыйкыра башташты. Анан бизди колубуздан алып, эшикти көздөй түртүп кубалап чыгара башташты», — деди Погребняк.

Анын айтымында, залдагы тартиптин сакталышына үч милиция кызматкери көз салып турган, алардын экөөсү топтошкон кишилерге каршылык көрсөтүүгө аракет да кылышкан эмес.

«Милиция кызматкерлеринин бири топтошкондорду токтотууга аракет кылды, бирок жалгыз эч нерсе кыла алган жок. Четте турган эки кызматкер болсо жөн гана карап турушту», — дейт ал.

Укук коргоочу Фархот Шасалимов Kloop.kgге берген маегинде Погребняктын бул айткандарын ырастап берди.

«Алар эч нерсе айтышкан жок, ал эмес биздин отурумга катышуубузду каалабай жаткандыктары жөнүндө да ооз ачышкан жок, жөн гана колубуздан алып, чыгарып салышты», — деди ал.

Бул ишти карап жаткан судья Эрланбек Токтосунов топтошкон элдин сот залынан журналисттер менен укук коргоочуларды кубалап чыккандары жөнүндө билбегендигин айтты.

«Эгер алар мага кайрылышканда, мен аларды кайра киргизмекмин», — деди ал.

Ал топтошкондордун мындай жүрүш-турушун сотко басым көрсөтүү катары эсептесе болобу-жокпу деген журналисттердин суроосуна эки маанилүү жооп берди.

«Эсептесе да болот, эсептебесе да болот», — деди судья.

«Мал уурулук» үчүн «өкүмсүз жаза»

Өткөн жылдын 16-июлунда Жалал-Абад облусунун Ак-Дөбө айылынын бир нече жашоочусу айылдашы Арстанбековду мал уурдаган деген шек менен кармап, үч саат бою «сабашкан». Окуя болуп жаткан жерге келген милиция кызматкерлери эч нерсе кылбай жөн гана сырттан байкоо салып турушкан.

Арстанбековдун айтканы боюнча, окуя болуп жаткан кезде ал «сабалып жатканда» четте карап, ага кийлигишпей турган милиция кызматкерлерин көргөн.

Ал кийинчерээк окуяга байкоо салып турган милиция кызматкерлеринин бирөөсүнөн башкасынын бардыгын таанып, көрсөтүп берген.

Кылмыш иши козголгон кезде Жалал-Абад ИИБсинин басма сөз катчысы болуп турган Таалайбек Сусунбаев анда Арстанбековдун айткандарын четке каккан.

«Милицияга тигил жерде мал ууруну кармагандыктары жана өзүлөрү эле өкүмсүз жазалаганы жаткандыктары тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери дароо эле ал жерге барып аны кармашкан. Ал жерде Айткуловдун бир катар жарааттарды алгандыгы аныкталган. Алар аны элден коргоп, РИИБге алып келишкен», — деген Сусунбаев.

Айылдашын «сабаган» деп шектелип жаткандар күнөөлөрүн моюндарына албай эле.

Авторлор: Olya M. жана Евгений Погребняк

Фото: Евгений Погребняк