Биринчи май райондук соту Кыргызстандагы эң таасирдүү криминал авторитеттеринин бири Камчы Көлбаевдин ишин карады. Сот отурумунун жүрүшүндө ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жок.
Прокурор Көлбаевге бир жарым саат бою күнөөлөрүн окуп берди, алардын арасында кылмыштуу топ түзүү, баңгизатын сатуу, мыйзамсыз курал сактоо жана таратуу, адам уурдоо жана каракчылык кылуу күнөөлөрү бар.
Көлбаев ага карата айтылган күнөөлөрдү толугу менен мойнуна алган жок.
Сот жыйынында эки жабырлануучу – ишкер Медер Кожахметов менен мурунку парламентарий Бактыбек Бекбоевдер көрсөтмө беришти.
Кожахметов шериги Азырбек Буркановдон акча алып берүү өтүнүчү менен Көлбаевден жардам сурап кайрылгандыгын, бирок авторитет жардам берүүдөн баш тартып койгондугун билдирди.
Бекбоев билдиргендей, Көлбаев, Бурканов жана Кожахметовдор «алдамчылык жол менен» андан үч батири менен бир нече унаасын тартып алышкан.
Отурумдан кийин сот жообуна тартылып жаткан Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян Кожахметов менен Бекбоевдердин айыптоолору ал жактоого алган адамдын иши менен такыр байланыштуу эмес экенин билдирди.
Ишти Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдураззак Боромбаев карап жатат. Кийинки сот отуруму 23-апрелге белгиленди.
Өз эрки менен багынып берген
АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта болгон.
Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштаган. Бул өз өлкөсүндөгү анын үстүнөн өткөн алгачкы соттук процесс эмес.
90-жылдардын аягында ал кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле эки «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.
2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.
Көлбаевдин жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.
Көлбаев 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.
Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.
Автор: Зарема Султанбекова