Сот прокурордун жардамчысынын «пара талап кылгандыгы» тууралуу ишин карайт

Fergana

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасынын «пара талап кылган» деп шектелип жаткан кызматкерине каршы козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлдү. Азырынча бул иш боюнча сот отуруму боло турган күн белгисиз.

Прокурордун жардамчысы Дайыр Досумбековдун кылмыш ишинин материалдары Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлүп берилди – бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн райондук сотунун канцеляриясы алар Досумбековдун ишинин материалдарын алгандыктарын ырастады.

Прокурордун жардамчысынын ишин судья Төлөмүш Асылов карайт. Азырынча ал сот отуруму өтө турган күндү белгилей элек.

Досумбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 15-февралында, 10 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, прокурордун жардамчысы адам өмүрүн алып кеткен унаа кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгобоо чечимин күчүндө калтырып берүү үчүн акча «талап кылган».

Досумбековго каршы кылмыш иши Кылмыш кодексинин эки беренеси - «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «пара талап кылуу, алуу» беренелери боюнча козголгон.

Учурда кармалган прокурордун орун басары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

Автор: Александра Ли