УКМКнын кызматкерлери менен мушташкан милиционерлерге каршы кылмыш иши козголду

gknb-clash

Бишкек шаардык прокуратурасы 12-апрелдеги милиционерлер менен атайын кызматтагылардын ортосундагы жаңжалга катышкан Свердлов РИИБсинин кызматкерлерине каршкы кылмыш ишин козгоду.

Бишкек прокуратурасы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен болгон жаңжалга катышкан милиционерлерге каршы кылмыш ишин козгоду, деп жазылган башкы көзөмөлдөө органынын сайтында.

Кылмыш иши «тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылуу», «кызматтык абалын ашыра пайдалануу» жана «бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу» беренелери боюнча козголду.

«Көрсөтүлгөн кызматкерлерге Свердлов ИИБсине тинтүү үчүн барган УКМКнын тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрүн сабоо күнөөсү тагылат», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын маалымкатына ылайык, жаңжалдын жыйынтыгында атайын кызматтын кызматкерлери баш жана мээ сөөктөрүнөн жараат алышкан.

Укук коргоо органдарынын ортосундагы жаңжал 12-апрель күнү, УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Свердлов РИИБсинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Эркин Мамбеталиев менен Тилек Сарбашевдер 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалгандан кийин Бишкектин Элебаев жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон

Атайын кызматтагылардын билдирүүсүнө ылайык, шектүүлөрдү эскертүү катары асманга эки жолу ок чыгаргандан кийин гана кармоого мүмкүн болгон.

ИИМ УКМКнын кызматкерлери асманга гана ок чыгарбагандыктарынын далилдеп, жарадар болгон милиция кызматкеринин сүрөтүн тараткан.

Өз кезегинде атайын кызматтагылар 15-апрель күнү Свердлов РИИБсинин башчысынын орун басары кол алдындагыларга милиция имаратына тинтүү үчүн барган УКМКнын кызматкерлерин «сабоого» уруксат берген деп билдиришти.

Свердлов РИИБсинин башчысы Айбек Нусубалиев убактылуу кызматынан четтетилген.

Сарбашев 13-апрель күнү эртен менен бошотулган, Мамбеталиев болсо тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында эки ай камакта болот.

Автор: Александра Ли