Жириновский: КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн Орусияга виза алуу кыйын болушу керек [+видео]

Депутат Владимир Жириновский «Эмгекчил Орусия» кыймылынын лидери Виктор Анпилов менен КМШ өлкөлөрү үчүн виза режимин киргизүү керекпи жокпу деген маселенин айланасында талашып-тартыша кетти. Парламентарий Орусияда мигранттардын айынан кылмыштуулук өсүп, маданияттын деңгээли төмөндөп жаткандыгын билдирди. Анпилов болсо визалык режимди киргизүү көйгөйдү чечпейт деп эсептейт.

http://www.youtube.com/watch?v=MEtTIxQXg1g

Орус саясатчыларынын ортосундагы талашып-тартышуу «Россия 1» телеканалынын эфиринен чыкчу «Поединок» берүүсүндө орун алды.

Шоу алып баруучу Владимира Соловьевдун: «Орус шаарларына толуп кеткен мигранттарды бир нерсе кылыш керек» деген сүйлөмү менен башталды.

Жириновский өз позициясын төмөндөгүдөй кылып белгиледи: «Бизге мигранттардын кереги жок, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн виза режимин киргизиш керек [...] Биз өз экономикабызды өзүбүз эле камсыз кылып алабыз, биздин өзүбүздүн жумушсуз жарандарыбыз толтура, ал эми мигранттар менен кылмыштуулуктун, жугуштуу оорулардын саны өсүп, маданият төмөндөп жатат».

Анын каршылашы Анпилов — визалык режимдин киргизилиши Орусияны андан да маанилүүрөөк маселелерден алаксытат деп эсептейт.

«Визалык режим биздин өлкөдөгү мыйзамсыз миграция маселесин чечпейт. Пара алуу жана ал бактысыз мигранттарды тандап ала турган чиновниктердин саны гана көбөйөт», — деди Анпилов.

Алар кулдардай эле

Берүүнүн башталышында өзүнүн эмоционалдуулугу менен белгилүү либерал-демократтардын лидери Борбордук Азиядан келген мигранттар орус ишкерлери үчүн пайдалуу экендигин билдирди.

«Алар мигранттарга аз гана айлык маяна төлөшөт, аларга турак жайдын, камсыздандыруунун, профсозюдардын – эч нерсенин кереги жок. Алар крепосттук кулдардай эле — жер төлөдө уктап, жийиркеничтүү нерселерди жешет», — деди Жириновский.

Мына ушул сөздөрдөн кийин анын Анпилов менен болгон талашып-тартышуусу көтөрүңкү тонго өттү — орус коомдук ишмери депутатты мыйзамсыз миграция менен күйрөшүүнү чиновниктердин өзүлөрүнөн баштоо керектигине ишендирүүгө аракет кылды.

«Кичинекей чиновник да Жириновскийдей, Абрамовичтей жашагысы келет да. Алар – кичинекей чиновниктер – албетте биринчи кезекте мүмкүн болгон ошол эле мигранттардан алат», — деди Анпилов.

Аларга виза бербейбиз

Жириновский орус визасын алууда кыйынчылыктардын болушун каалап жаткандыгын айтып түшүндүрдү.

«Виза режимин киргизүү – биз аларга [КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына] виза бербейбиз дегенди билдирет, анан алар үйлөрүндө калышат. Бирок бизде арзан кийим-кечекке, жер-жемиштерге жана башка азык-түлүктөргө суроо талап бар экенин билебиз, ошондуктан биз аларды ошол жактан сатып алабыз, а алар болсо өз жерлеринде иштешет», — деп билдирди орус депутаты.

Буга жооп катары Анпилов «алар өз жерлеринен дубалдарды кантип шыбашат» деп, күлдү.

Теле берүүнүн жүрүшүндө СМС-добуш берүү болуп, анын жыйынтыгында 79,5 пайызы ЛДПРдин лидери үчүн добуштарын беришкен.

Азырынча бул боюнча комментарий алуу үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы жеткиликсиз болууда.

Орусиянын улутчулдары февралдын башында Борбордук Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар үчүн визалык режим киргизүүнү талап кылышкан.

Анда «Улуттук күч» кыймылы «Стоп-миграция» кампаниясынын алкагында визалык режим киргизүү үчүн кол топтоп баштаган.

Андан сырткары, Орусия бийлиги өлкөгө ички паспорттор менен кирүүгө да тыюу салууну көздөп жатат — вице-премьер Дмитрий Рогозин ички паспортторду «идентификациялоого болбой турган документ» деп атады.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Орусияда 550 миң кыргызстандык иштеп жүрөт, ал эми расмий эмес маалыматтарга ылайык, алардын саны бир миллиондон ашат.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт ldpr.ru сайтынан алынды

Видеонун автору: Пётр Толстой