Бишкектин түштүгүндөгү жол кырсыгынан кош бойлуу келин каза болду

Kilimandzharo

21-апрель күнү кечинде «Тойота Лэнд Крузер» жол жээгиндеги үч унааны чийип өтүп, төртүнчүсүн катуу сүзгөн, анын жыйынтыгында төртүнчү унаанын жүргүнчүсү каза болгон. ИИМдин маалыматы боюнча, кырсыктын болушуна күнөөлүү айдоочунун саламаттыгынын начарлап кетиши себеп болгон, учурда ал айдоочу реанимацияда жатат.

Кырсык Жукеев-Пудовкин көчөсүндө болгон. Жалпысынан жол кырсыгына беш унаа катышкан.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде унаа кырсыгынан беш айлык боюнда бар 21 жаштагы келин каза болгондугун билдирди.

«Аял башкарып бара жаткан унаалардын бири, “Тойота Лэнд Крузер” төрт унааны чийип өткөн. Жол кырсыгынын жыйынтыгында, “Мазды 626” үлгүсүндөгү таксинин жүргүнчүсү жабыр тартты», — деди ал.

Осмонбаевдин айтымында, болжол менен жол кырсыгы ага күнөөлүү болгон аялдын жүрөгү кармагандыктан улам болгон.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча, жүрүп бара жатканда анын ден-соолугу менен бир нерсе болгон. Айдоочунун жүрөгү ооручу экен», — деп билдирди басма сөз кызматтын өкүлү.

Учурда кырсыкка күнөөлүү аял реанимацияда жатат.

Милиция бардык тиешелүү экспертизаларды жүргүзүп, унаа кырсыгы фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо маселесин карап жатат.

Унаа кырсыгына күбө болгон Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» форумунун Tatiano444ka деген колдонуучусу кош бойлуу келин кетип бара жаткан такси «талкаланып» калгандыгын жазган.

«Тойота Лэндкрузер 80” ”Мазда 626нын” арт жагынан келип сүздү, “Мазданын” арткы айнектери күбүлүп, жолду экиге бөлүп турган гүлзарга чейин учуп кетти, “Тойотанын” бет маңдайы бир аз мырыйып калды», — деп билдирген ал.

Кырсык тууралуу форумдун катышуучусу V.I.P. да жазган.

«Азыр кырсык тууралуу досум айтып жатат, окуя айтылып жаткандай базардын жанында эмес, 4/1 жана 4-номурлардагы үйлөр жакта - анын терезесинин алдында (бурчта Марлен компьютердик клуб бар) болгон. Ал “Мазданы” келип сүзгөнгө чейин жол жээгинде турган бир нече унааны чийип кеткен, келин дароо эле каза болду, кан көлчүк болуп чогулуп, дароо эле көп адам чогулуп калды. Бардыгы тең карай албай тескери карап жатышты», — деп жазган ал.

Дизелдин Михаил Иваныч деген ат менен катталган колдонуучусу кырсык кандай болгонун көргөн эмес, бирок кырсыктан кийин унаалар кандай туруп калгандыктарынын схемасын чийип көрсөткөн.

sxemka

«Сары маздадагы таксист келин менен апасын түшүрүп жаткан, анан белгисиз жагдайда ак джип кагылышууга чейин жол жээгиндеги үч унааны чийип өтүп мазданы сүзгөн. Схемада сүзүүлүү болгон жер төрт бурчтук менен көрсөтүлгөн, келин болсо тегерек менен белгиленген жерде жаткан», — деп жазган ал схемага түшүндүрмө берип.

Автор: Александра Ли