Британ активисти кыргызстандык майып балдар үчүн Килиманджаронун чокусуна чыгат

Kilimandzharo

HealthProm британ уюмунун волонтеру кыргызстандык майып балдарга акча чогултуу үчүн Африкадагы Килиманджаро тоосунун чокусуна чыгууну көздөп жатат.

HealthProm британ уюмунун волонтеру Франческа Эбель Twitter социалдык түйүнүндөгү баракчасына «Кыргызстан үчүн» Килиманджаро тоосунун чокусуна чыга тургандыгын жазган. HealthProm уюму майып балдардын көйгөйлөр менен алектенет.

Активист Кыргызстан дүйнөнүн башка бөлүктөрү тарабынан эске алынбаган олуттуу социалдык көйгөйлөргө кабылып жатат деп эсептейт.

«HealthProm долбоору мындай көйгөйлөрдүн жүрөгүнө жакыны болгон —  майып балдарды дарылап айыктыруу көйгөйүнө көңүл бурууда», — деп билдирди Эбель Kloop.kgге берген маегинде.

Волонтер Килиманджаронун чокусун багындыруу кайрымдуулук максатында экенин айтып түшүндүрдү — бул акциянын жардамы менен ал Бишкекте жайгашкан Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы борборуна акча чогултуп берүүнү көздөп жатат.

«Бул жакшы ишке салым кошуу үчүн сонун мүмкүнчүлүк [...] Менин оюмча, чокуга чыгуу — күн сайын Кыргызстандагы көп балдар кабылган кыйынчылыктардын символу болуп калат», — деди Эбель.

Учурда ал 6000 метр бийиктиктеги континенттин эң бийик чокусу жайгашкан Танзания өлкөсү менен чектешкен африкалык Малави мамлекетинде волонтер-окутуучу болуп иштейт.

Эбель азырынча үстүбүздөгү жылдын августуна пландаштырылган тоонун чокусуна чыгууга даяр эмес экенин айтты. Ошондуктан ал бийиктикти багындыруу үчүн үч ай машыгат.

Каражат жетишсиздиги

Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясынын төрайымы Тамара Жумабекова Kloop.kgге берген маегинде борборго мамлекет тарабынан берилген каражат жетпестигин билдирди. Айтымында, мамлекет ар бир бала үчүн айына эки миң сомдон бөлөт.

Ал билдиргендей, бул каражат тамак-аш сатып алуу үчүн гана жетет; жалпысынан борбордо 38 бала багылат, алардын көпчүлүгү 3 жаштан 8 жашка чейинки бөбөктөр.

«Балдар ата-энелери менен алыскы шаарлар менен айылдардан келишет, ошондуктан алардын транспорттук чыгымдары үчүн материалдык жардам керек. Учурда балдар үчүн борбордо жууркан-төшөктөр менен тазалык каражаттары жетишпейт», — деди Жумабекова.

Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы 1995-жылдан бери иштейт жана акыркы 4 жылдан бери физикалык жана акыл-эс жактан артта калган балдарды колдоо программасынын алкагында HealthProm менен кызматташып келет.

Автор: Бермет Иманалиева

Сүрөттүн автору: Überraschungsbilder