Көпчүлүк коалициясы: Мурда добуш берген кыргызстандыктар автоматтык түрдө шайлоо тизмесине киргизилишет

sxemka

Парламенттеги көпчүлүк коалициясы өткөнкү шайлоолордо добуш берген жарандарды шайлоо тизмесине автоматтык түрдө киргизүүнү сунуштады. Өткөн шайлоолордо тизмеден аты-жөнүн таппай калган жарандардан көптөгөн даттануулар келип түшкөн.

Шайлоочулардын тизмелерин түзүү системасын өзгөртүү - акыркы президенттик шайлоо, Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор “бардык жерде мыйзам бузуулар” менен өткөндүгүнө байланыштуу — бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында көпчүлүк коалициясынын лидери, депутат Феликс Кулов билдирди.

Кыргызстанда 2007-жылдан бери добуш берүү маалында жарандар тизмелерден өз аты-жөндөрүн таппай калган миңдеген учурлар кездешкен.

Ошондуктан көпчүлүк коалициясы учурдагы шайлоо системасына бир кыйла өзгөртүүлөрдү киргизе турган «Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндөгү» конституциялык мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Тизмелерди түзүүнүн жаңы ыкмасынан сырткары шайлоо округдар менен партиялык тизмелерди түзүүнүн ыкмаларына да өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалып жатат.

Сунушталып жаткан негизги жаңы эрежелер:

  • Шайлоочулардын тизмелери өткөн шайлоолордо добуш бергендердин эсебинен түзүлөт;
  • Кыргызстан тогуз шайлоо округуна бөлүнөт, аларда партиялар аймактык талапкерлердин тизмелерин чыгарышат;
  • Эгер депутат премьер-министр болуп дайындалса, ооруп калса же ага каршы кылмыш иши козголсо анын ыйгарым укуктары убактылуу токтотулат.

«Ар-Намыстын» лидери учурдагы көйгөйлөрдү шайлоочулардын тизмелеринин 2001-жылдагы маалыматтарга негизделгендиги менен түшүндүрдү.

Куловдун маалыматы боюнча, шайлоочулардын санына 3 миллиондой адам киргизилген, алардын 1,2 миллиону добуш беришпейт — 800 миң шайлоочу өлкөнүн сыртында, 300 миңи башка өлкөнүн жарандыгын алып, кыргыз паспортторун сактап калышкан, ал эми калгандары эки же андан көп тилкелерде катталгандар, каза болуп калгандар же жөн гана шайлоого катышкысы келбегендер.

Депутат калган 1,2 миллион бюллетень адатта шайлоолордогу алдамчылыктар үчүн колдонулаарын айтты.

Кулов бул жаңы киргизилген эрежелер добуш берүүдө эч кимдин укугун чектебей тургандыгын белгиледи: «Эч кандай чектөө болбойт, анткени тизмелер алдын ала илинет, ар бирине чакыруу жөнөтүлөт. Ал эми шайлоого катышкысы келип, бирок өзүнүн аты-жөнүн тизмеден таппагандар келип, каттоодон өтүшсө болот».

Депутатты БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбеков колдоду — ал эгер шайлоочу алдын ала каттоодон өтүүгө жетишпей калган күндө да комиссия мүчөсүнө арызы менен кайрылса болоорун, арыз боюнча комиссия мүчөсү көйгөйдү “дароо” эле жөнгө салып, бюллетень берээрин айтып түшүндүрдү.

Кадырбеков шайлоочулар Жогорку Кеңештин депутаттары менен өлкө башчысын шайлоодо добуш берүү күнүнө 20 күн калганга чейин билдирме берип, өлкөнүн каалаган жеринде шайлай ала тургандыктарын айтты.

Акыркы жолу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2010-жылдын күз айларында, президенттик шайлоо — 2011-жылы, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын күзүндө болгон.

Кийинки Жогорку Кеңешке шайлоо 2015-жылы өтөт.

Автор: Зарема Султанбекова