Кыргыз курама командасынын капитаны Жогорку лиганын редакторлору аларга Орусия жөнүндө тамашаларын айтууга тыюу салгандыктарын билдирди. Азырынча бул билдирүү боюнча КВНдин Эл аралык союзу эч кандай комментарий бербей эле.
22-апрелдеги журналисттер менен болгон жолугушуусунда «Азия Микстин» лидери Эльдияр Кененсаров Жогорку лиганын редакторлору аларды Орусиядагы көйгөйлөр жөнүндө тамашалабоого чакыргандыктарын билдирди.
Кененсаровдун айтымында, Орусиядагы коррупция жөнүндөгү, ошондой эле алкоголизм жана 2014-жылдагы Кышкы олимпиаданы уюштурууда мүмкүн болуп жаткан каржылык алдамчылыктар боюнча айтыла турган «Сочидеги акча уурдоолор» жөнүндөгү тамашалар сынга кабылышкан.
«Биз булар жөнүндө айткыбыз келген, бирок алар бизге ачык эле «бул силердин акылыңардын иши эмес, алар тууралуу орустар тамашалашсын», деп айтышты», — деди ал.
Команданын директору Камила Абдил алардын тамашаларын кыскартып салышкан редакторлор «субъективдүү» болушкандыгын айтты.
Команданын Орусиядагы көйгөйлөр жөнүндө тамашалоосуна тыюу салынышы менен катар алардын Жогорку лиганын чейрек финалындагы оюну сахнада көрсөтүлгөнгө караганда телеверсиясында бир топ эле кыска болуп калган.
«Биз жакшы программа даярдаганбыз деп эсептейм, кечээ көрсөтүлгөн телеверсиясы биздин сахнада көрсөткөнүбүздүн 60-70 гана пайызы», – деди ал.
Анын айтымында, телеверсиясында көрсөтүлгөн тамашалар көрүүчүлөргө логикасыз болуп көрүнгөн болушу мүмкүн.
«Ар бир сахнага чыгуу үчүн кандайдыр бир күлкүлүү тамашалар болгон – алардын бардыгы алынды», — деди Абдил.
КВНдин Эл аралык союзунун кызматкери азырынча «Азия Микстин» билдирүүсү боюнча комментарий бере албастыгын айтып, редакторлорго расмий кат жөнөтүүбүздү өтүндү.
«Азия Микс» КВНдин Жогорку лигасына өткөн Кыргызстандагы алгачкы команда болгон. Ал 1/8 финалдык бөлүктө кийинки баскычка өткөн – бирок чейрек финалда өз тобунда төртүнчү орунга ээ болуп, оюндан четтеди.
Чейрек финалдык оюндардын өзү 15-апрелде болгон, бирок телеверсиясы 21-апрелде Орусиянын Биринчи каналынан көрсөтүлдү.
Автор: Нурмухаммед Атамбаев