Ош аэропортунан Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан мекендештерин Сириядагы «согушкерлердин» лагерлерине «көндүрүп, жөнөткөн» деп шектелген кыргызстандык жаран кармалды.
Мамлекеттик чек ара кызматынын Коомчулук жана ММКлар менен байланыш бөлүмү билдиргендей, шектүү адам 14-апрель күнү, Ош-Стамбул каттамы боюнча учуп кете турган учактын жүргүнчүлөрүнүн документтерин текшерүү маалында кармалган.
«Чек арачылар тарабынан диний-экстремисттик топтордун тарапташтары менен байланышы бар деген шек менен Кыргыз Республикасынын жараны кармалды», — деп жазылган билдирүүдө.
Чек арачылардын маалыматтары боюнча, буга чейин беш кыргызстандык жаран «диний билим алып, согушкерлердин лагерлеринде даярдыктан өтүү үчүн» Түркия аркылуу Сирияга учуп кетишкен.
Кыргызстандыктардын алданып, көндүрүү жолу менен согушка тартылып жаткандыгы жөнүндөгү маселе апрелдин ортосунда, депутат Дастан Жумабековго ал жакка кеткен балдардын ата-энелери кайрылышкандан кийин көтөрүлгөн — анда эл өкүлү согушка көндүрүү Ош облусунун Араван районундагы мечиттерде болгондугун билдирген.
«Учурда тиешелүү органдар ал жигиттердин чыгып кетүүсүнүн себептерин тактап жатышат. Бирок алар Сириядагы жарандык согуштун бир тарабы үчүн согушуп, согушкер болууну каалаган кыргызстандык балдардын бир гана тобу», — деп жазылган «Азаттык» радиосунун сайтында.
Жумабековдун маалыматы боюнча, Сирияга 15 киши учуп кеткен. Аларды мекенине алып келүү үчүн депутат Өмүрбек Бакиров Стамбулга сапар алган.
Сирияда президент Башар Асадды колдогон өкмөттүк күчтөр менен оппозициянын ортосундагы куралдуу каршылашуу 2011-жылдын жаз айларынан бери болууда. Түрдүү маалыматтар боюнча, андан бери ал 11 миңден 17 миңге чейинки адам өмүрүн алып кеткен.
Андагы каршылашуу Асадды өлкөдөгү адам укуктарын бузуп жаткан диктатор катары эсептеп, анын саясатына каршы оппозициянын тарапташтарынын акцияларга чыгуусу менен башталган.
Кийинчерээк ал тирешүү куралдуу каршылашууга өтүп кеткен.
Өз кезегинде Асад каршылаштарын бир нече жолу диний экстремизмге жана “терроризмге” айыптаган.
Сириядагы каршылашууну жөнгө салуу боюнча Коффи Аннан тарабынан сунушталган резолюцияны кабыл алууда БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Орусия жана Кытай менен АКШ, Франция жана Улуу Британия тараптарынын ортосунда талаш-тартыштар болгон.
Араб мамлекеттеринин Лигасы батыш өлкөлөрү тарапка өтүп, Башар Асаддын режимин айыптап жатат.
Автор: Зарема Султанбекова
Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды