Бишкек: Унаа кырсыгынан кош бойлуу келиндин каза болгондугу боюнча кылмыш иши козголду

fotografiya-111

Милиция кош бойлуу келиндин өмүрүн алып кеткен Бишкектин түштүгүндөгү унаа кырсыгы фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда үч унааны чийип барып каза болгон келинди сүзгөн «Тойота Лэнд Крузердин» айдоочусу реанимацияда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде кылмыш иши «жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу» жөнүндө айтылган 281-берене боюнча козголгондугун билдирди.

Бул берененин бузулушу үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Эгер «Тойотанын» ээси ооруса ага айдоочу күбөлүктү берүүгө болот беле деген суроого Осмонбаев так жооп бере алган жок.

«Ал жаранга айдоочу күбөлүк берүүгө тыюу сала тургандай деле оорусу болгон эмес болуш керек, бирок аны жакшылап текшерип көрүш керек», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Унаа кырсыгы 21-апрелде Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаа жол жээгиндеги үч унааны чийип өтүп, төртүнчүсүн катуу сүзгөн, анын жыйынтыгында акыркы унаанын жүргүнчүсү каза болгон.

Каза болгон 21 жаштагы келиндин беш айлык боюнча бар болчу.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кырсык «Тойотанын» айдоочусунун жүрөгү кармап, унааны башкара албай калгандыгынан улам келип чыккан.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү «Тойотанын» дагы деле реанимацияда жаткан айдоочусунун жүрөк дартын так айтып бере алган жок.

Кырсыкка күбө болгондор Кыргызстандагы популярдуу «Дизель» форумуна жүргүнчүсү кош бойлуу болгон «Мазда» «бүктөлүп» калгандыгын жазышкан.

Учурда милиция экспертиза жүргүзүүсүн улантып жатат.

Автор: Александра Ли