Футбол: Кыргызстандын өспүрүмдөрү Азия биринчилигине даярданып жатышат

sxemka

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы 14 жашка чейинки оюнчулардан турган курамалардын арасындагы Азия биринчилигинин тандап алуу баскычына катышуу үчүн Иранга учуп кетти. Өспүрүмдөр арасындагы бул мелдеш тарыхта биринчи жолу өткөрүлгөнү жатат. «Клооптун» кабарчысы кыргыз командасы менен эки апта бою Кувейттеги даярданууларда бирге жүрдү.

Кувейт. Абанын күндүзгү температурасы 35 градустан төмөн түшпөйт. Бирок буга карабастан машыктыруучу жаш оюнчуларды эртең мененки машыгуу үчүн куйкалаган күнгө алып чыкты.

Азырынча машыктыруучу алдыдагы оюндарда команда кандай оюн комбинацияларын пайдаланаарын караштырууда, балдарды команда капитаны Азамат Мелисбеков жетектеп жатат.

sxemka
Команда капитаны Азамат европалык клубда ойносом деп кыялданат.

Ал башкаларга салыштырмалуу чыйрак жана чоңураак көрүнөт. Машыктыруучусунун айтымында, башка оючуларга караганда Мелисбековдун тажрыйбасы да көп.

Коргоочу Азамат футбол менен беш жылдан бери алектенет жана Европанын кадыр-барктуу клубдарынын биринде ойногон профессионалдуу спортчу болууну максат кылат – аны өзгөчө Англия футболу кызыктырат.

Ал капитандыкка туура эле көз карашта, бирок мындай чоң жоопкерчиликтен бир аз толкунданып жатканын мойнуна алды.

«Биз азыр машыгып атабыз, Бишкекте да машыкканбыз. Мамилебиз оюнчулар менен дагы, машыктыруучулар менен дагы жакшы болуп жатат. Менин оюмча Иран менен ойногонго чейин жакшы калыпта болуп калабыз», – деп үмүттөндүүдө Азамат.

Тарыхый окуя

Ал эми балдар болсо жогору жакта болуулары керек – Азия биринчилигинин тандап алуу баскычында аларга күчтүү, жөнөкөй эмес командалар туш келип калды.

Кыргызстандан барган өспүрүмдөр биринчи оюнун 23-апрелде, Түркмөнстан курамасындагы курдаштарына каршы ойнойт.

Кыргызстан Борбордук Азия региону боюнча ал коңшусунан сырткары Индия, Пакистан, Шри-Ланка жана эң күчтүү атаандаш болуп эсептелген Иран курамалары менен беттешет.

Кыргызстан курама командасынын 14 жашка чейинки оюнчулардын Азия биринчилигиндеги оюндарынын ырааттамасы:

23-апрель. Кыргызстан — Түркмөнстан.
24-апрель. Кыргызстан — Индия.
26-апрель. Кыргызстан — Пакистан.
28-апрель. Кыргызстан — Иран.
29
-апрель. Кыргызстан — Шри-Ланка.

«Азыр алдыбызда негизги милдет катары ойноп, оюнчулардын өз ара жакшы уюшкандыгы менен түшүнүүсү маселесин чечүү турат», – дейт курама команданын башкы машыктыруучусу Олег Матвеев.

Команда үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири – бул атаандаштары жөнүндөгү маалыматтын жоктугу, анткени буга чейин өспүрүмдөр арасындагы беттештер анча масштабдуу болбой, фестивалдар менен гана чектелип келген.

Акыркы жылдары фестивалдар анча популярдуу болбой калды, алсак, өткөн жылкы Пакистанда болгон фестивалга үч гана курама барган, ошондуктан Азия футбол конфедерациясы өспүрүмдөр арасында Азия биринчилигин өткөрүү чечимин кабыл алган.

Башкы машыктыруучу Олег Матвеев ирандык футболчулардан кооптонуп жатат.
Башкы машыктыруучу Олег Матвеев ирандык футболчулардан кооптонуп жатат.

Азия биринчилигинин алгачкы баскычына сегиз топко бөлүнгөн 46 курама команда катышат.

Матвеев командасы үчүн эң олуттуу атаандаш ирандык өспүрүмдөр болот деп эсептейт.

Кыргызстан курамасы калган командалардын бардыгын тең жеңген күндө да анын финалдык бөлүккө өтүшүн камсыз кылбайт – анткени ар бир тандап алуу тобунан жолдомого бир гана команда ээ болот.

Машыгуу процесси

Жаш футболчулар Ирандагы беттештердин алдында эки апта бою «Казма» Кувейт клубунун базасында күчөтүлгөн машыктыруу өткөрүштү.

Матвеев машыгуу процесси натыйжалуу болду деп эсептейт.

Оюнчулар эртең мененки саат 8:30дан баштап оюн талаасына барып, машыгышты.

Команда күнүнө эки жолу, эртең менен жана кечинде эки сааттан машыктыруу өткөрүштү. Кувейтте күндүз ойноого мүмкүн эмес, анткени ысык климаты менен кургак абасы куйкалаган күндө көпкө болууга мүмкүндүк бербейт.

Эртең мененки машыгуу салттуу түрдө булчуңдарды жазып, көндүрүүчү көнүгүүлөр менен башталат.

Ысыктан сактанып, Кувейттеги машыгуулардын кээ бирлерин караңгыда өткөрүүгө туура келди.
Ысыктан сактанып, Кувейттеги машыгуулардын кээ бирлерин караңгыда өткөрүүгө туура келди.

Андан соң команда машыктыруучунун чечими боюнча түрдүү оюн комбинацияларын иштеп чыгуу менен же болбосо команданын оюндагы кырдаалдары менен иштеди.

Ал эми кечки машыгууда болсо оюнчулар иштелип чыккан оюн комбинацияларын үйрөнүү менен алектеништи.

Машыктыруучунун жардамчысы Тимур Кадыралиев команданын дарбазачыларын башка оюнчулардан бөлүп алып, өзүнчө машыктырды – алар алгач бардыгы менен бирге булчуңдарын жазып, көндүрүүчү көнүгүүлөрдү аткарып, андан кийин алыскы соккуларды жана айып белгилеринен тебилген топторду тосууга машыгышты.

Оюн талаасы дайыма эле сугарыла бербегендиктен жаш футболчуларга көнүмүш эмес климаттык шарттар анча жайлуу болгон жок.

«Талаа куйма таш экен», – деди оюнчулардын бири акыркы машыгуулардан биринен кийин.

Бирок Кувейттеги даярдануулар жаш футболчуларга аба ырайынын шартына көнүгүүгө жардам бериши керек болчу – анткени Иранда да өтө ысык болот.

Машыгуулардан сырткары команда төрт жолдоштук беттеш өткөрүп, алардын экөөсүн жеңип, экөөсүнөн жеңилип калды.

Алгач Кыргызстандын курама командасы «Кадсия» жана «Казма» жергиликтүү клубдарынын жаштар курамасы менен кез келишип, жыйынтыгында жеңишке жетишти. Бирок андан кийинки Кувейттин 14 жашка чейинки, андан соң 16 жашка чейинки курамалары менен болгон беттештеринде кыргызстандыктар жеңилип калышты.

 Ошентсе да команда кайгырбай эле.

Жаш кыргызстандыктар Кувейттеги даярдануу маалындагы жолдоштук беттештердин экөөсүндө жеңишке жетип, эки жолу жеңилүү ызасын тартышты.
Жаш кыргызстандыктар Кувейттеги даярдануу маалындагы жолдоштук беттештердин экөөсүндө жеңишке жетип, эки жолу жеңилүү ызасын тартышты.

«Бул жактагы командалар [кувейт] бизге караганда бир топ эле күчтүү ойношот деп айта албайм. Бир кадамга, көп болсо эки кадамга алдыдадыр. Биз аларга жете алабыз, ашып да кетишибиз мүмкүн», – деди кыргыз курамасынын капитаны Азамат Мелисбеков.

Кыргызстанда өз курамасына болгон кызыгуу үстүбүздөгү жылдын март айында өткөн Азия футбол конфедерациясынын Чакыруу кубогунун тандап алуу баскычындагы команданын ийгиликтеринен кийин пайда болгон. Алар катары менен үч жолу жеңишке жетишип, андан соң дароо эле ФИФАнын рейтингинде 49 позицияга жогорулаган.

Кыргызстандын андагы өз тобунда фаворит катары эсептелбегенин эске алсак, бул өзүнчө эле бир сүйүнүчтүү белек болду.

Ушундай эле сүйүнүчтүү белек жөнүндө жаш футболчулар да кыялданышат.

«Биз ал жактан милдетибизди так аткарабыз», – деди команда капитаны Мелисбеков.

Автор: Улугбек Акишев