Көлбаевге жабырлануучулардын экөөсүнүн эч кандай дооматы жок

fotografiya-111

Бишкектин Биринчи май райондук соту криминал авторитети Камчы Колбаевдин ишин кароону улантып жатат. Эки жабырлануучу ага эч кандай дооматтары жок экендигин билдиришти.

Иш боюнча жабырлануучу катары өтүп жатышкан Баткен облусунун мурунку губернатору Арзыбек Бурканов менен Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бактыбек Бекбоевдер криминал авторитети Көлбаевге эч кандай дооматтары жок экендигин билдиришти.

Алар эки сааттай убакыт көрсөтмө беришип, өздөрүнүн жеке карыздары тууралуу талашып-тартышышты.

Бурканов, Бекбоев жана ишкер Медер Кожахметовдордун ортосунда акча талашы болуп, алар жардам сурап Көлбаевге кайрылышкан. Бирок алардын бири дагы эмнеге дал Көлбаевге кайрылышкандыктарын түшүндүрүшкөн эмес.

«Качан биз Көлбаевге барганыбызда ал биздин эмнеге ага кайрылганыбызды түшүнбөй таң калган. Көлбаевге менде эч кандай доомат жок», — деди Бурканов.

Буга чейин криминал авторитетинин жактоочусу Сергей Манукян бул ишке ишкерлердин акча талашуусунун эч кандай байланышы жоктугун, алар Көлбаевге «аксакалга кайрылгандай» кайрылышкандыктарын билдирген.

23-апрелдеги сот отуруму жабык эшик артында башталды, залга Көлбаевдин туугандарын да, журналисттерди да кое беришкен жок. Ал жарым саттык убакыттын ичинде эмне жөнүндө талкуу болгондугу — белгисиз.

Соттун кийинки отуруму 2-майга белгиленди — анда үч жабырлануучу сурак берет, болжол менен алар милиция кызматкерлери менен күбөлөр болушат.

Өткөнкү жыйында Көлбаев тагылып жаткан айыптардын бардыгын мойнуна алган эмес.

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштаган. Ал кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле 2 «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

Көлбаевдин жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.

Көлбаев 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат.

Автор: Зарема Султанбекова